Бишкекте балдардын катышуусу менен «Кыргыз улуттук оюндары» фестивалы өттү
November 3, 2016, 06:00«Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда балдардын катышуусу менен «Кыргыз улуттук оюндары» фестивалы өттү.
Кыргыз улуттук оюндарынын фестивалын уюштуруучулар болуп Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду саналат.
Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Майтикованын айтымы боюнча, фестивалдын максаты кыргыз элинин салттуу билимдерин жана маданий-тарыхый мурасын пропагандалоо, элдик оюндарды жана кыргыз тилин үйрөнүү аркылуу балдарды кыргыз элинин маданиятына аралаштыруу болуп саналат.
«Кыргызстанда 2016-жылы жарыяланган Тарых жана маданият жылынын алкагында борбор шаардын балдар бакчаларында төмөнкүдөй номинациялар боюнча кыргыз элдик оюндарынын фестивалынын райондук туру өттү: кымылдуу оюндар, интеллектуалдык оюндар, манжалардын оюндары (моториканы өнүктүрүүгө). Жеңүүчүлөр бүгүн ушул фестивалга катышты», - деп айтты ал.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын пиар-менеджери Мария Колесникованын айтымы боюнча, бул фестиваль балдар арасында улуттук оюндарды пропагандалайт.
«Якутиядан биз ушундай фестивалды көрдүк жана бизде да ушундай фестивалды өткөрүүнү чечтик. Мурда мындай конкурстар Бишкектин райондорунда өткөн, эми шаардык конкурста 13 балдар бакчасы мелдешип жатат. Мектепке чейинки курактагы балдар тарбиячылар менен бирдикте 3 оюнду сунуш кылууга тийиш. Биз бардык катышуучуларга филармониядагы балдар концертине билеттерди беребиз», - деп айтты М.Колесникова.
Өз кезегинде фестивалдын кичинекей катышуучусу, Бишкектеги №82 балдар бакчасынын тарбиялануучусу Нурсултан Мизамбаев өзүнүн кубанычын жашыра алган жок жана бүгүнкү фестиваль ага абдан жакканын мойнуна алды. «Мага бакчадагы кыргыз улуттук оюндарын ойноо абдан жагат, алар өтө кызыктуу жана көңүлдүү. Бүгүн биз "Таяк тартыш" оюнун көрсөттүк жана ойнодук», - деп айтты ал.