КР Экс-президенти Р.Отунбаева Талас облусуна барды

November 14, 2016, 06:00

Кыргыз Республикасынын Экс-президенти жана Эл аралык “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаева 2016-жылдын 14-15 - ноябрында Талас облусунда болуп, бир канча иш чараларга катышууда.


Бүгүн, 14-ноябрь күнү Р.Отунбаева Талас мамлекеттик университетинин ардактуу профессору катары аталган университеттин жамааты жана студенттери үчүн “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө 25 жыл. Эгемендүүлүктүн тарыхы жана келечеги”темасында өзүнүн кезектеги салттуу ачык лекциясын окуйт. Ушул эле темадагы лекциясын Р.Отунбаева 15-ноябрь күнү Талас мамлекеттик университетинин англис тили борборунда мектептердин англис тил мугалимдери жана Талас Мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин студенттери үчүн англис тилинде окуйт.


Ошондой эле, ушул күндөрү КР Экс-президенти Р.Отунбаева Бакай-Ата районунун Ленин атындагы орто мектебинде, Талас шаарындагы областтык балдар китепканасында жана №1 мектепте өтүүчү “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан чыгарылган “Сүрөттүү Манас” китебинин бет ачаарларына катышып, балдардын инсандык сапаттарынын калыптануусунда китептердин ролу тууралуу сөз сүйлөйт.


Белгилей кетсек, Экс-президент катышкан иш-чаралар белгилүү акындар Алыкул атындагы сыйлыктын ээси Ф.Абдалованын жана А.Момунтаеванын “Ырларда менин тагдырым” аттуу поэзиялык мүнөттөрү жана Т.Жусуп Мамай тегиндин Манас айтуусу менен коштолот. Ошондой эле иш сапар алкагында Т.Жусуп Мамай тегиндин “Кара жорго” бийи тууралуу мастер классы да өткөрүлөт.