«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун журналисттерди куттуктоосу
November 7, 2016, 06:00Урматтуу журналисттер, сиздерди бүгүн өлкөбүздө белгиленип жаткан 7-ноябрь басма сөз жана маалымат күнү майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Эгемен мамлекеттин түптөлүүсүндө жана коомдо демократиялык процесстерди бекемдөөдө басма сөздүн, маалыматтын жана аларды жайылтууда кызмат өтөгөн журналисттердин ролу өзгөчө чоң экенин бүгүн эч ким тана албайт.
25 жылдан ашуун убактан бери биздин өлкө басып өткөн татаал жана тарыхый жолдо канчалаган калем ээлери өз оюн ачык айтып, чындык үчүн чыркырап, сөз эркиндигин туу кылып, керек болсо өз өмүрүн тобокелге салып иштеп келе жатышат. Тилекке каршы, канчасы өз өмүрүнөн да айрылды.
Бул жылдары Кыргызстандын басма сөз жана маалымат айдыңы болуп көрбөгөндөй дүркүрөп өнүктү. Өлкөбүздө жүздөгөн жаңы басылмалар, радио, теле каналдар жана маалымат агенттиктери пайда болду. Мунун баары коом талабы эле. Эл ачык жана туура маалыматка суусап турган. Ушундай чакта өлкөбүздө күчтүү, мыкты, жаңыча ой жүгүртүп, жаңыча стандартта иштей баштаган журналисттердин тобу пайда болду.
Маалымат күчү кандай экенин ушундан билиңиз, бүгүн журналистерсиз коомдук жашоону элестетүү кыйын. Журналисттик кесип ириде атуулдук , мекенчил кесип деп айтабыз. Анткени коомдун кайсы чөйрөсү болбосун көйгөйүн көтөрүп чыгып, ага күйүп-бышып, бийликке жеткирип, коомчулуктун пикирин жаратып, тигил же бул маселенин чечилүүсүнө түздөн түз себепчи болгон журналисттер бүгүн сиздердин араңыздарда көп.
Коомчулук ар дайым ачык жана объективдүү маалыматка муктаж болуп келет. Айрыкча ушул тапта көпчүлүктүн аң сезимин туура жолго багыттоодо өз убагында жана туура жеткен маалыматтын ролу абдан жогору.
Урматтуу журналисттер, журналисттик кесипти аркалуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бул кесип чыгармачылык талантты, чыдамкайлыкты , кажыбаган эмгекти жана бөтөнчө берилүүнү талап кылат. Ушундай, өзгөчө татаал кесиптин ээлерин куттуктап жатып ишиңиздерге ийгиликтерди жана өзүңүздөргө, үй-бүлөңүздөргө амандык каалайбыз.