«Гений» радиопрограммасы: «Кыргыз улуттук оюндары» шаардык фестивалы
November 4, 2016, 06:00"Гений" радиопрограммасынын кыргыз тилиндеги кезектеги чыгарылышы. Тема: «Кыргыз улуттук оюндары» шаардык фестивалы
Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арсында Кыргыз улуттук оюндарынын шаардык фестивалы өткөрүлдү. Кыргыз улуттук оюндарынын фестивалын уюштуруучулар болуп Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду саналат. Фестивалдын максаты: кыргыз элинин салттуу билимдерин жана маданий-тарыхый мурасын пропагандалоо болуп саналат.
Бул багытты өткөрүү процессин жана аны өнүктүрүү келечектерин талкуулоону угууну сунуш кылабыз.
Программанын меймандары:
Уметов Таалай – Педагогикалык илимдердин доктору, профессор, фестивалдын илимий консультанты
Майтикова Чынара – Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси
Урмолдоева Светлана - №141 балдар бакчасынын директору