БИЛИМ БЕРҮҮ ФЕСТИВАЛЫ - Борбордук Азиядагы билим берүүчү мыкты иш-чара
November 3, 2016, 06:002016-жылдын 28-октябрында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) Борбордук-азиялык EVENT AWARDS CENTRAL ASIA сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өттү.
Көп сандаган долбоорлордун ичинен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Билим берүү фестивалы» долбоору «Борбордук Азиядагы билим берүүчү мыкты иш-чара» номинациясында I орунду алды.
EVENT AWARDS CENTRAL ASIA – борбордук-азиялык кесиптик көзкарандысыз сыйлык, ал атайын иш-чараларды жана окуялык маркетингди өткөрүү жагындагы чыгармачылык жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.
EACA – Global Event Awards эл аралык сыйлыгынын бир бөлүгү болуп саналат, сайт www.eaca.pro.
EACAнын жеңүүчүлөрү мыкты event-компанияларынын арасындагы эл аралык сыйлыкка катыша алат, ал Россияда, Беларуста, Украинада, Латвияда 2013-жылдан бери ыйгарылат.
2015-жылдан тартып бул сыйлыкка EACAда жеңген Борбордук Азиянын event-компаниялары катыша алат.
Долбоорлорду баалоону event-индустриянын алда канча урматтуу ишмерлеринен, Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын компанияларынын HR-, PR- жана маркетингдик бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен, ошондой эле кесипкөй ЖМКлардын өкүлдөрүнөн жана ишмерлерден түзүлгөн көзкарандысыз калыстар тобу жүргүзөт.
БИЛИМ БЕРҮҮ ФЕСТИВАЛЫ – Борбордук Азиядагы билим берүүчү мыкты иш-чара festival.roza.kg