«Барабандардын шоусу» концерт-презентацияда литаврдан кастаньетке чейин
October 31, 2016, 06:00«Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында «Барабандардын шоусу» концерт-презентациясы өттү.
Жаш угуучулар япондук тайко барабандардын добушун, "Энербит" барабанчылар ансамблинин шаңдуу композицияларын угуп, эң чоң аспап – литаврдан тартып эң кичинекей – кастаньетке чейинки урма аспаптардын көп сандаган түрлөрү жөнүндө биле алды. Дегеле, илимпоздор урма аспаптар эң байыркы музыкалык аспап болгон деп эсептейт. Кала берсе үңкүрдө жашаган байыркы адам да эки ташты бири-бирине кагыштыруу менен обон чыгара алган.
Ошондой эле барабанда ойноо жинденүүнү, агрессияны жок кылып, адамга ишенимдүүлүк сезимин берет деп илимий жактан далилденген.
Анан да барабандар – бул ритм, драйв жана өтө кубаттуу энергетика. Муну, кыязы, бардык көрүүчүлөр сезе алды.
«Барлар филармониясынын» программалары 6 жаштан тартып жана андан улуу балдарга эсептелген жана музыка сабагынын альтернативасын билдирет, аны Филармонияда өткөрүүгө болот. Ушундай «жарыкка чыгуу» балдарга Кыргызстандын мыкты концерттик залдарынын бирин көрүүгө, «көркөм өнөр сарайында» жүрүш-туруштун ыкмаларын жана эрежелерин, башкача айтканда, мектептерде жана көптөгөн үй-бүлөлөрдө көп учурда көңүл бурулбаган нерселерди өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.
Азыр бардыгы баланы ал өскөн, жашап жана өнүгүп жаткан чөйрө калыптандыра тургандыгы жөнүндө айтып жатышат. Фонд Швейцариянын колдоосу менен жана Улуттук филармониянын базасында өткөрүп жаткан «Балдар филармониясынын» программасы – бул бала үчүн ушундай чөйрөнү түзүү аракети.