Орус тилинде «Манас сүрөттөрдө» деген китеп чыгарылды
November 1, 2016, 06:00«Манас» эпосу – бул кыргыз элинин кайталангыс коду, ал элдин тарыхый жолун гана эмес, ошондой эле келечек үчүн руханий потенциалды: бардык дүйнөлүк олку-солкуларга карабастан улуттун биримдигинин формуласын, күчүн жана туруктуулугун, мобилдүүлүгүн сактайт.
Манастын тарыхын ар бир балага жеткирүү, эпостун миллиондогон саптары менен кыскача тааныштыруу үчүн авторлор япондук манги жанрына кайрылып жана сүрөттөрү бар кыска текстти түздү. Бул китепти окугандан кийин балдар «Манастын» адабий тексттерине алда канча ишенимдүү кирише алат.
Китеп толук түстүү, 23 главаны жана 380 сүрөттү, ошондой эле глоссарийди камтыйт.
Бул китепти түзүү идеясы КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын негиздөөчүсү Р.И. Отунбаевага таандык.
Китепти сатып алуу маселелери боюнча төмөнкүдөй байланыштар боюнча кайрылууну өтүнөбүз: тел: +996 312 66 03 82; +996 555 81 22 51
ошондой эле эл.дарек: mekendeshter@roza.kg и office@roza.kg