Кыргыз Республикасынын Экс-президентинин Нарын облусундагы иш сапары

November 1, 2016, 06:00

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева 2016-жылдын 30-31-октябрында Нарын облусунда иш сапар менен болду. Анын жүршүндө Р.Отунбаева Нарын шаарындагы Ага хан фонду тарабынан курулуп, жаӊы ачылып иштеп жаткан Борбор Азиядагы университетке келип,окуу жайдын имараты менен таанышты. Андан соӊ аталган окуу жайдын студенттери жана профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуп, аларга Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арнап англис тилинде лекция окуду. Лекция учурунда Р.Отунбаева жаштар үчүн сапаттуу билим алуу кандай мааниге ээ экендигине да кеӊири токтолду. Студенттердин суроолоруна жооп берди.


31-октябрь күнүн Р.Отунбаева С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде болуп , аталган окуу жайдын да жамааты жана студенттери менен жолугушту. Аталган окуу жайды 20 жылдык мааракеси менен куттуктады. Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Экс-президенти окуу жайдын ардактуу профессору катары сөз сүйлөп, өзү негиздеген «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасын жана маданиятын өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы демилгелер боюнча маалымат берди. Кездешүүнүн жүрүшүндө фонд тарабынан чыгарылган китептер менен да таанышуу болду.


Ошол эле күнүн Р.Отунбаева НМУнун англис тили филологиясы багытында окуган студенттер, Нарын шаарынын мектептеринин англис тили боюнча мугалимдери менен окуу жайдын алдындагы Америка жана Европа борборунда жолугушуп, аларга англис тилинде лекция окуду. Лекция суроо-жооптор менен коштолду.


Ошондой Р.Отунбаева Нарын шаарындагы Какен Мамбеталиева атындагы тарыхый-этнографиялык музейде жана шаардын борборундагы Агахан фонду тарабынан курулган С.Жакыпов атындагы скверде да болду.