«Ɵткѳндү коргоо, келечекти жандандыруу» кѳргѳзмѳсү эми Жалал-Абад шаарында

November 1, 2016, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрынан тартып 11-ноябрына чейин Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин имаратында «Ɵткѳндү коргоо,келечекти жандандыруу» кѳргѳзмѳсү ѳтүп жатат.Бул кѳргѳзмѳ Кыргыз Республикасындагы Ага-Хан Өнүктүрүү Өкүлчүлүгү жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен биргелешип уюштурулган. Ушундай эле иш чаралар буга чейин Ысык-Көл, Нарын жана Ош областарында да өткөрүлгөн.


Көргөзмөгө маданият боюнча Ага Хан Трастынын тарыхый шаарлар үчүн программасынын алкагында түрдүү маданий контексттерде жана ар кандай географиялык аймактарда, алардын ичинде Борбордук жана Түштүк Азияда, Африкада жана Жакынкы Чыгышта ишке ашырылган негизги реставрациялоо долборлору коюлмакчы. Көргөзмөдө тарыхый жерлерге жакын жашаган жамааттардын жашоо сапатын жакшыртууга, шаар мейкиндиктерине жаңы импульс, күч берүүгө, ошондой эле маданият байлыктарын коргоо жана калыбына келтирүү аркылуу көп түрдүүлүктү сыйлоону бекемдөөгө багытталган Трасттын иш чаралары көрсөтүлмөкчү. Көргөзмөнүн панелдери архитектура жаатындагы Ага Хан Премиясынын 2016-жылкы сыйлоо финалына өткөн долбоорлорду камтыйт. Бул премия архитектура, пландаштыруу практикасы, тарыхый жана ландшафттык архитектура жагындагы жаңы сапат стандарттарын аныктаган долбоорлорго ар бир үч жылда берилет.