Кыргызстандын Экс-Президент Р.И.Отунбаева Эл аралык кризистик топтун жылдык чогулушунун ишине катышып жатат
October 15, 2016, 06:00Кыргызстандын Экс-Президенти Р.И.Отунбаева өзү көзөмөлчү Кеңешинин мүчөсү болуп саналган Эл аралык кризистик топтун* жылдык чогулушунун ишине катышып жатат. Ушул дем алыш күндөрү Лондондо өтүп жаткан жыйналыштарда азыркы дүйнөнүн эң курч көйгөйлөрү жана кризистери талкууланууда.
Штаб-квартирасы Брюсселде болгон *Эл аралык кризистик топ (ЭКТ) – бул беш континентеги 80ге жакын кызматкерлерди бириктирген көзкарандысыз, коммерциялык эмес, көп улуттуу уюм. Уюм жер-жерлердеги кырдаалды талдоону жана ажал алып келүүчү жаңжалдарды четтетүүгө жана ооздуктоого багытталган активдүү укук коргоочу ишти жүргүзөт. Жер-жерлердеги маалыматтардын жана жүргүзүлгөн баа берүүлөрдүн негизинде ЭКТ аналитикалык докладдарды чыгарат, аларда саясий чечимдерди кабыл алуучу өзөктүү эл аралык фигуранттарга даректелген практикалык сунуштамалар келтирилет. ( www.crisisgroup.org)