Өлкөнүн түштүгүндө «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени өтөт
October 24, 2016, 06:002016-жылдын 20-октябрынан тартып 27-октябрына чейин «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен демилгеси болгон «Мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында өтөт.
20-октябрдан тартып 23-октябрга чейин иш-чаралар Баткен областында Байназаров атындагы жана Абдырахманов атындагы мектептерде өтөт. Акциянын учурунда өзүнүн эмгек жолун ушул региондун айылдарынын биринде мугалим катары баштаган КР ЖК депутаты Карамат Орозова балдарга Д.Кендирбаеванын “Ынтымак сыры” деген китебин окуп берет.
24- жана 25-октябрда акция Жалал-Абад областында Губкин атындагы жана Макаренко атындагы билим берүү мекемелеринин базасында өтөт. С.Жусуевдин “Тоо жаңырткан чагылган” китебин балдарга акын, «Бактынур» продюсердик борборунун алып баруучусу жана жетекчиси Нуркан Койчуманова окуп берет.
Ош областында кербен 26-октябрдан 27-октябрга чейин Абдырасулов атындагы жана Бегиев атындагы мектептерде өтөт. Д.Кендирбаеванын “Ынтымак сыры” китебин КР маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, ОшМУнун көркөм өнөр факультетинин музыка окутуучусу Инабат Эшбаева окуп берет.
Эске сала кетсек, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясынын максаты балада китеп окуу адаттарын жана китепти сүйүүнү калыптандыруунун алмыштырылгыс элементи катары балдарга үн чыгарып китеп окуп берүү зарылчылыгына коомдун көңүлүн буруу болуп саналат.