Индия тажрыйбасын бөлүшүүдө

October 21, 2016, 06:00

Кыргызстандын делегациясы Индияда болгон үч күндүн ичинде мамлекеттик башталгыч жана орто мектептердин окуучуларын түшкү ысык тамак менен камсыз кылуунун Улуттук программасын киргизүү жана турмушка ашыруу жөнүндө эбегейсиз көп сандагы маалыматтарды алды.

 

Эске сала кетсек, делегациянын курамына КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин, БУУнун КРдагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү, Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана ушул алмашуу визитин уюштуруучулар – «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун кызматкерлери кирет.