«Манас в рисунках» китебине пикир

October 25, 2016, 06:00

Бул түстүү сүрөттөр жана кыска баяндамалар аркылуу түзүлгөн китептин жарыкка чыгышы кыргыздар, кыргызстандыктар, жада калса чет өлкөлүктөр үчүн да өтө маанилүү окуя экени талашсыз. Себеби поэтикалык көркөмдүгү, өткөн замандагы улуттун көрөңгөлөрүн сүрөттөө жана теңдешсиз көлөмү менен дүйнөнү таң калтырган бул элдик чыгарма менен, анын баш каарманы улуу Манас бабабыз менен кыргыз журтчулугу чексиз сыймыктанат эмеспи.


Алтымышынчы жылдары жамы журтка суудай сиңген Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «Манас», «Семетей», «Сейтек» китептери бир нече муундардын согуштан кийинки кыйын кезеңдин оор жүгүн жеңилдеткен эле. Кыштын узак түндөрүндө ата-энелерибиз казанга тамакты асып коюп, жаштарга, көбүнчө мектеп жашындагы балдарга Манасты обону менен окутуп коюп, кээде ыйлап, кээде күлүп олтурушаар эле. Анда свет айыл-кыштактарга келе элек убак, көргөн-билгенибиз кара чырак болчу. Көрсө Манас үчилтиги ошол жылдары азыркы телекөрсөтүүнүн, радионун, интернеттин ордун жалаң өзү баскан окшобойбу ...


Жылдар зымырап Манастын көп эпизоддору эстен чыгыптыр, ал эми көп кишилер дегеле Манас үчилтигин окубаганын, ал ортодо коомубузда кыргыз тилин түшүнбөгөн чоң катмардын пайда болгонун эске алсак, бул сүрөттүү, расмий тилдеги кыска баяндуу китептин жарык көрүшүн кыргыз маданиятындагы урунуктуу окуялардын бири катары сыпатташыбыз абзел.


Мен китепти өтө кызыгуу менен бат эле кунт коюп окуп чыктым. Убактым дээрлик корогон жок, бирок Манас дүйнөсүнө жана бир ирет сүңгүп, ата-бабабыздын кечээки күнү көз алдыма элестүү тартылды...


Окурман катары биринчиден авторлорго, экинчиден, албетте, демилгечи топко, тиешелүү адистерге терең ыраазычылык билдирмекчимин!


Ошону менен катар төмөнкү ойлорду ортого салууну эп көрүп турам.


Биринчиден, бул китепке удаа «Семетей» жана «Сейтек» сүрөттүү китептери чыкканы талапка ылайык деп эсептейм, анткени Тайбуурулдун чабылышы, Семетейдин Таласка кайтып келиши жана ушу сыяктуу адамды толкундатуучу окуялар дал ошол эки китепте берилет эмеспи.


Экинчиден, колубуздагы китеп бардык мектептерде милдеттүү түрдө, убакытты кенен бөлүп, башталгыч класстардын «Манас таануу» сабагында терең окутулушу абзел.


Дагы бир жолу чыгармачыл топко терең ыраазычылык билдирүү менен мындан аркы албан-албан табыштарды, ийгиликтерди каалайм!

 

Руслан Казакбаев

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаты