Нарын аймагындагы кызыктуу жолугушуулар

October 22, 2016, 06:00

2016-жылдын 20-октябрында Ата-Башы районунун Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан чыгарылган «Манас сүрөттөрдө», «Тоо жаӊырткан чагылган», «Досторум конокко чакырат», «Үч жаштан кийин кеч» жана башка бир нече китептердин бет ачаары болуп өттү. Бул иш чара ошол эле күнү түштөн кийин Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы областтык китепканада да уланды.


Бет ачаарга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Жаркын Ибраева, аймактагы жазуучулар союзунун өкүлү Ниязбек Касмалиев, ата-энелер, бала бакачалардын, мектептердин жетекчилери, мугалимдер, китепканачылар, артисттер, аксакалдар, студенттер, жалпы эле китеп сүйүүчүлөр катышышты. “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан чыгарылган китептер абдан чоң кызыгууну пайда кылды жана суроо-жооптор менен улантылды. Ошондой эле китептердин бет ачаары белгилүү акын, Алыкул атындагы сыйлыктын ээси Ф.Абдалованын чыгармачылык жолугушуусу менен коштолду. Акын өзүнүн ырларынан окуп берди. М.Рыскулов атындагы Нарын академиялык музыкалуу драма театрынын белгилүү артисткасы Жаңыл Айсаракунова, жаш ырчы Мээржан Канаева, Таш-Башат айылындагы Д.Мамбетов атындагы мектептин 5-классынын окуучусу Эркинбек кызы Акмарал Ф.Абдалованын обондуу ырларын тартуулашты.