Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча борбордун мектептеринин мугалимдери үчүн лекция
October 12, 2016, 06:00Өткөн дүйшөмбүдө (10-октябрда) Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университетинин өкүлү, КР Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Л.Ю. Марченко жана "БИОМ" экологиялык кыймылынын Кеңешинин төрагасы В. Коротенко Бишкектин мугалимдери үчүн «Билим берүү процессинин алкагында колдонулуучу туруктуу өнүктүрүү концепциясынын темалары жана түшүнүктөрү» лекциясын өткөрдү.
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өткөн интерактивдүү лекциянын жүрүшүндө химия, биология жана география мугалимдерине туруктуу өнүгүү боюнча толук маалымат берилди. Бул тема бекеринен тандап алынган жок, КРнын туруктуу өнүгүүгө өтүшү боюнча Улуттук стратегиянын жана Программанын алкагында билим берүү тармагы маанилүү тармактардын бири катары аныкталган. Лариса Марченко айткандай: «Туруктуу өнүгүү деген эмне жана ага жетишүү үчүн кандай ыкмалар бар экенин билген кесипкөй кадарлар жана блимдүү адамдар болмоюнча өлкөнүн өнүгүшү жөнүндө унута берүүгө болот».
Лекциянын жүрүшүндө мугалимдер Туруктуу өнүгүү үчүн Билим берүү тармагындагы улуттук саясат, Кыргызстандагы гана эмес, ошондой эле дүйнөдөгү заманбап иштеп чыгуулар жана түшүнүктөр менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алды. Владимир Коротенко өзүнүн докладында мындай деп баса белгиледа: «азыркы учурда адамзаттын алдында туруктуу өнүгүү жолу аркылуу алга илгерилөө маселеси турган жок же жөн гана мындай тандоону жасоо милдети жок, маселе ушундай өнүгүүнү кантип уюштурууда гана турат. Мугалимдер – туруктуу коомду куруу жолунда маанилүү өнөктөр, дал алар ушул идеяларды биринчиден болуп алып жана аларды окуу практикасында ишке ашырууга тийиш, улуттук саясат да бул маселени айкын жөнгө салууда».
Лекция аяктагандан кийин мугалимдерге биологиялык ар түрдүүлүк жана токойлордун экосистемалык функциялары боюнча маалымат плакаттары, ошондой эле туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү боюнча китептер тапшырылды. Лекцияга катыша албагандар макалаларды «БИОМ» экологиялык кыймылынын сайтынан электрондук түрдө жазып ала алат www.biom.kg
Лекциядан кийин мугалимдерге К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Жаратылыш ресурстарын башкаруу факультетинин аймагында жайгашкан, Борбордук Азиядагы жападан жалгыз Суу музейи боюнча экскурсия өткөрүлдү, ал жерде катышуучулар өз көзү менен Бишкек шаарынын суу ресурстары менен таанышты.
Мугалимдер үчүн бул лекторий 2015-жылдын январынан тартып «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта уюштурулган.
Лекторийдин максаты экологиялык маданиятты жана экологиялык аң-сезимди жогорулатуу, ошондой эле сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо жана экологиялык жоопкерчилик сезимин тарбиялоо болуп саналат.
Презентацияны жазып алуу:
2. Туруктуу өнүгүү үчүн Билим берүү