Пакистандык билим берүү жана саламаттык сактоо министрлеринин делегациясы Бишкекке келди
October 11, 2016, 06:002016-жылдын 3-октябрында Бишкекте «Ак- Кеме» отелинде Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Роза Отунбаеванын, «МУК» УНПКнын көзөмөлчү кеңешинин төрагасы Асылбек Айдаралиевдин Пакистан Ислам республикасынын жогорку билим берүү комиссиясынын (ЖБК) делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.
Бул жолугушууну уюштуруучу болуп «МУК» УНПКнын көзөмөлчү кеңешинин төрагасы Асылбек Айдаралиев башында турган Кыргызстандын Эл аралык университети саналат.
Делегация Кыргызстанга төмөнкүдөй эки багыт боюнча маселелерди талкуулоо үчүн келди:
1) Жогорку билим жагынан эки тараптуу мамилелерди түзүү
2) Кыргыз- пакистандык илим фондун түзүү
Делегация эки топтон турат. Биринчи топ – Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын өкүлдөрү, экинчи топ – пакистандык медициналык стоматологиялык Кеңеш.
Пакистандын Жогорку билим берүү боюнча комиссиясынын директору Бхати Гулам Рездин айтымы боюнча, пакистандык комиссиянын визитинин максаты эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда илим жана билим берүү жагынан байланыштарды түзүү, КРдагы жогорку окуу жайлардын ишине баа берүү, билим берүү жагынан жаңы технологияларды киргизүү болуп саналат. «Бизде туруктуу өнүктүрүү стратегиясы бар. Биздин визитибиздин негизги максаттарынын бири болуп коомчулук менен жана университеттер менен иштөө саналат, бул жогорку билим бардык эл аралык талаптарга жана нормаларга жооп бериши үчүн зарыл», - деп айтты ал.
Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Роза Отунбаева билим алуу учурунда эл аралык тилди билүү деңгээлинин маанилүүлүгүн белгиледи:
«Биз бүгүнкү күндөгү көптөгөн тармактагыларга караганда алда канча тыгыз кызматташууга тийишпиз. Ошондой эле тил маанилүү болуп саналат. Эл аралык тил билим алууда маанилүү компонент болуп эсептелет. Дин сабактары да маанилүү. Диний маданияттын негиздери балдарда башталгыч класстардан тартып түптөлүүгө тийиш. Билим берүү системасына салттуу диндердин тарыхый жана маданий негиздерин окууну киргизүү керек. Алар социалдык-маданий, жарандык, этностук, адептик салттарды тарбиялоодо зор роль ойнойт. Жалпы билим берүүнүн курамына салттуу диндердин тарыхый маданий негиздери жөнүндө билимдерди кошуу зарылчылыгы тууралуу түшүнүк азыркы учурда биздин элдердин жана бүткүл адамзаттын тарыхый жана маданий мурасынын кыйла катмары катары диндин ролуна оң баа берүү менен байланышкан. Анткени ислам – тынчтыктын дини жана кыйроолорго, кастыкка жана террорго эмес, түзүүчүлүккө үндөйт. Ислам – тынчтыктын жана жакшылыктын дини. Билим адамдардын турмушунда жана бүтүндөй алганда, инсандын калыптанышында маанилүү роль ойнойт».
Кыргызстандын Эл аралык университетинин көзөмөлчү кеңешинин төрагасы Асылбек Айдаралиев белгилегендей, билим берүүнүн пакистандык комитетинин базасында ар кандай өлкөлөрдүн университеттеринин тармагы түзүлгөн. «Кыргызстанга келүү демилгеси жогорку билим жагынан кызматташуу үчүн биз менен байланыш түзүү максатында пакистандык илимпоздор тарабынан көтөрүлдү. Кызматташтыктын максаты алмашуу аркылуу биздин студенттер Пакистанда билим ала алаарында турат», - деп билдирди Асылбек Айдаралиев.
Ошондой эле А.Айдаралиев Бишкекте кийинки жылы МУКтун алдында жаңы медициналык колледжди ачуу пландаштырылып жатканын баса белгиледи.
«Биз пакистандык кесиптештер менен биргелешип медициналык колледжди курууну пландаштырып жатабыз, ал жерде пакистандык билим берүүнүн бардык стандарттары боюнча окутуу методикасы киргизилет. Пакистанда жогорку билимге зор көңүл бурулат, алсак, ишке орношуу учурунда экзамен тапшырып, ЖОЖдо алган өз билимдерин ырастайт. Мунун бардыгы жогорку кесипкөйлүк үчүн, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана жакшыртуу, бүтүндөй алганда, кесипке ээ болуу үчүн керек», – деп айтты ал.