Мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнү пландаштырып жатабыз...
October 10, 2016, 06:00«КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында Кара-Кулжа жана Баткен райондорунун мектептеринде бир нече күндөн бери мектептерде ысык тамакты уюштуруу жана өнүктүрүү планын түзүү боюнча мобилизациялоочу жолугушуулар өтөт.
Бүгүнкү күнгө карата мектептин администрациясы айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн макулдугу боюнча ата-энелер менен бирдикте өнүктүрүү планын түзүү жагынан иш жүргүзүп жатат. Долбоорго кирген Кара Кулжа районунун Б.Бегиев, Э.Осмонов, Ш. Жээнбеков, Ш.Исмаилов мектептеринде жана Жантөшев орто мектебинде, ошондой эле Баткен районунун Газ, Кышут, Бужум атындагы мектептеринде жана Токсонов орто мектебинде ата-энелер жана жолугушуулардын бардык катышуучулары алардын мектебиндеги жана бүтүндөй алганда, өлкө боюнча ысык тамак жөнүндө толук маалымат алды. Бул 10 мобилизациялоочу жолугушууларга 15 мектептин, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты жана албетте, райондук мамлекеттик администрациянын жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү сыртта калган жок.
Алдын ала баа берүүлөр боюнча, бул жолугушууларда машыктыруучулардын алдына коюлган максаттарга жетишилип жатат. Алар болсо жөнөкөй эмес.
1) Мектеп тамак-ашын уюштуруунун жана өнүктүрүүнүн типтүү программасы жөнүндө катышуучулардын түшүнүгүн калыптандыруу.
2) Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча ийгиликтин өзөктүү факторлорун аныктоо (эл аралык алкактар, мамлекеттик саясат, жамааттардын катышуусу, расмий статистика, тамак-ашты уюштуруу ж.б.).
3) Мектеп тамак-ашын уюштуруунун жана өнүктүрүүнүн типтүү программасына камтуу үчүн шарттарды түзүү, аны ар бир мектеп үчүн иштеп чыгууну баштоо.
4) Мектеп тамак-ашынын программасын жана процессин турмушка ашыруу боюнча жамааттын жергиликтүү планын иштеп чыгуу.
Биздин мектептерде жакынкы беш – жети жылга ысык тамакты өнүктүрүүнүн планы түзүлүп жаткандыгы эң мыкты натыйжа болуп саналат.
Жакынкы күндөрү ушундай мобилизациялоочу жолугушуулар Абдылдаева, А.Осмонов, М.Баатыров мектептеринде, ошондой эле Эрматова, Тагаев, Рават мектептеринде өтөт.