2016-жылдын октябрына «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын иш-чараларынын дайджести
October 5, 2016, 06:002016-жылдын октябрына
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын
иш-чараларынын дайджести
20-сентябрь – 20-октябрь - Экология боюнча бир айлык
Кайда: Бишкек шаарынын мектептери
Экология боюнча бир айлык борбордун мектептеринде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте өткөрүлүп жатат.
Бир айлыктын алкагында экология боюнча класстан тышкаркы сабактар, эко-майрамдар, макулатураны, пластикти жана батарейкаларды чогултуу боюнча конкурстар сыяктуу жана башка көптөгөн иш-чаралар өтөт.
Телефон: 0703 990230 (Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын адиси Асаналиева Ш.М., 0550 328899 (эко-долбоордун ассистенти Ургуналиева А.).
6-октябрь – 14-октябрь – БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «КРда мектеп тамак-ашы программасын оптималдаштыруу» программасынын жана Өнүгүүнүн типтүү программасынын алкагындагы мобилизациялоо кечелери.
Кайда: Кара-Кулжа районунун (Ош областы) жана Баткен областынын мектептери
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «КРда мектеп тамак-ашы программасын оптималдаштыруу» программасынын жана Өнүгүүнүн типтүү программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын пилоттук мектептеринде Мектеп тамак-ашын өнүктүрүү программасынын катышуучуларынын түшүнүгүн калыптандыруу.
Долбоордун максаты: Окуучулардын тамак-ашынын сапатын жакшыртуу, ден соолугун сактоо жана чыңдоо максатында мектептерде мектеп тамак-ашын уюштурууну өркүндөтүү.
Телефон: 0555 77 37 50 (долбоордун координатору Кайыкова Р.Ж.), 0773 970808 (долбоордун ассистенти Жээмбаева Н).
06, 13, 20- жана 27-октябрь – Билим кербени: Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы
Качан: 06, 13, 20- жана 27-октябрь (бейшемби). Башталышы саат 13:00.
Кайда: Бишкек шаарынын № 78, 47, 75, 22 мектептери.
Өсүмдүктөрдү жана курт-кумурскаларды микроскоптор аркылуу көрсөтүү менен, курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана балдарда экологиялык маданиятты жана жоопкерчиликти жогорулатууга чакырган видео-роликтерди көрсөтүү менен экология темасына көчмө интерактивдүү лекция-презентациялар.
Катышуучулар - 6-8-класстардын окуучулары.
Тили –кыргыз жана орус.
Лекторлор – «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жана «Ырыстан» коомдук фондунун өкүлдөрү.
Телефон: 0556 205305 (эко-долбоордун PR менеджери Колесникова М.)
3-октябрь – 20-октябрь – «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз» көргөзмөсү
Кайда: Сулайман-Тоонун (Ош шаары) этегиндеги Ош Улуттук этнографиялык музейи.
Көргөзмө Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын Өкүлчүлүгү тарабынан «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен бирдикте өткөрүлүп жатат.
Телефон: 0555 004240 («Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын ассистенти Осмоналиева А.)
8-октябрь – «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»
Качан: 8-октябрь (ишемби). Башталышы саат 11.00
Кайда: Бишкек шаары, «Раритет» китеп дүкөнү
Балдарга акын, драматург жана жазуучу Жеңишгүл Өзбекова китеп окуп берет
Телефон: 0550776627 (долбоордун координатору Курманалиева А.)
10-октябрь – Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий
Качан: 10-октябрь (дүйшөмбү). Башталышы саат 14:00.
Кайда: Суу музейи (Медеров көчөсү 68)
Экология жагынан борбордун мектептеринин табигый илимдер мугалимдери үчүн лекторийдин алкагында айына бир жолу өткөрүлүүчү интерактивдүү лекция-презентация.
Тема - Туруктуу өнүктүрүү.
Лектор - "БИОМ"экологиялык кыймылынын өкүлү.
Тили - орус.
Телефон: 0550 328899 (эко-долбоордун ассистенти Ургуналиева А.)
Сентябрь-октябрь – Сабакты жана мектептен тышкаркы иш-чараларды мыкты иштеп чыгууга конкурс
Кайда: Бишкек шаарынын мектептери
Конкурс Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан борбор шаардын мектептеринин мугалимдеринин арасында өткөрүлөт.
Телефон: 0703 990230 (Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын адиси Асаналиева Ш.М.)
15-октябрь - «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»
Качан: 15-октябрь (ишемби саат 11.00)
Кайда: Бишкек шаары, «Раритет» китеп дүкөнү
Балдарга театрдын жана кинонун актеру Азиз Мурадилаев китеп окуп берет
Телефон: 0550776627 (Долбоордун координатору Курманалиева А.)
15-октябрь (ишемби) – «Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» эко-акциясы
Кайда: Бишкек шаарынын 44 мектеби №: ГИ№1, 1, 4, 6, ШРМ7, 8, 9, 10, 12, 13, 15, 16, 17, 20, 24, 25, 27, 28, 31, 32, 35, 37, 40, 41, 43, 44, 46, 47, 55, 50, 56, 57, 58, 59, 60, 62, 63, 66, 67, 69, 70, 74, 75, 76.
«Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» акциясы – бул мектептердин жанындагы участокторду бактардын жергиликтүү түрлөрү менен жашылдандыруу.
Акциянын максаты мектептерди аймактарында жагымдуу микроклиматты түзүү болуп саналат, анткени мектептин аймагын жашылдандыруу ар кандай мектептин жанындагы участокту көрктөндүрүүнүн милдеттүү курамынын бири болуп эсептелет.
Катышуучулар - 1- жана 11-класстардын окуучулары.
Телефон: 0555 151851 (акциянын координатору Сүйүндүк уулу Данияр)
3-17-октябрь - Кыргыз элдик оюндарынын фестивалы
Кайда: Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелери (МЧБМ)
Кыргыз элдик оюндарынын фестивалы Бишкек шаарынын МЧБМ арасында (менчигинин түрүнө карабастан) «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп жатат.
Фестивалдын максаты: кыргыз элинин салттуу билимдерин жана маданий-тарыхый мурасын пропагандалоо, элдик оюндарды үйрөнүү аркылуу жаш кыргызстандыктарды кыргыз элинин маданиятына аралаштыруу.
Телефон: 0559 098878 (элдик оюндар жагынан Фестиваль боюнча эксперт, проф. Уметов Т.Э.)
18-октябрь – 25-октябрь – «КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен бирдикте «КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында билим берүү, саламаттык сактоо жана жергиликтүү мамлекеттик администрация тармактарынын кызматкерлеринин делегациясынын Индияга визитин уюштурат.
Телефон: 0773 970808 (долбоордун ассистенти Жээмбаева Н)
19-октябрь – Борбордук Азиядагы Университеттин расмий ачылышы
Кайда: Нарын шаары
Катышуучулар: Ага-Хан Өнүктүрүү тармагынын өкүлчүлүгү, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, ЖОЖдор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Телефон: 0555 004240 («Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын ассистенти А.Осмоналиева.)
21-октябрь - Поэзия кечеси
Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын Кичи залы
Кыргыз Республикасынын акыны Карбалас Бакировдун чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси.
Телефон: 0772800376 («Айымдар көркөм өнөрдө» долбоорунун координатору Джакыпбекова А.)
22-октябрь - «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»
Качан: 22-октябрь (ишемби ). Башталышы саат 11.00.
Кайда: Бишкек шаары, №94 орто мектеп
Телефон: 0550776627 (Долбоордун координатору Курманалиева А.)
27-октябрь – «Балдар филармониясынын» алкагындагы концерт-презентация
Датасы жана убактысы кошумча маалымдалат. Биздин анансторго көз салгыла.
Телефон: 0772800376 («Айымдар көркөм өнөрдө» долбоорунун координатору Джакыпбекова А.)
22-октябрь - "ТазаБИШ" акциясы
Качан: 22-октябрь (ишемби). Башталышы саат 10:00.
Өткөрүү орду кошумча маалымдалат.
Бишкек шаарынын булганган жерлерин таштандылардан ТККдан (турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан) тазалоо боюнча акция. Кезектеги акция жыл сайын 24-октябрда майрамдалуучу Климаттын таасиринин дүйнөлүк күнүнө арналды.
Телефон: 0555 151851 (акциянын координатору Сүйүндүк уулу Данияр)
27-30-октябрь – БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «КРда мектеп тамак-ашы программасын оптималдаштыруу» программасынын жана Өнүгүүнүн типтүү программасынын алкагындагы мобилизациялоо кечелери.
Кайда: Ысык-Көл областы, Жети-Өгүз району.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «КРда мектеп тамак-ашы программасын оптималдаштыруу» программасынын жана Өнүгүүнүн типтүү программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын пилоттук мектептеринде Мектеп тамак-ашын өнүктүрүү программасынын катышуучуларынын түшүнүгүн калыптандыруу.
Долбоордун максаты: Окуучулардын тамак-ашынын сапатын жакшыртуу, ден соолугун сактоо жана чыңдоо максатында мектептерде мектеп тамак-ашын уюштурууну өркүндөтүү.
Телефон: 0555 77 37 50 (долбоордун координатору Кайыкова Р.Ж.) жана 0773 970808 (долбоордун ассистенти Жээмбаева Н).
29-октябрь - «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»
Качан: 29-октябрь (ишемби). Башталышы саат 11.00.
Кайда: Бишкек шаары, «Раритет» китеп дүкөнү
Балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев балдарга китеп окуп берет.
Телефон: 0550776627 (долбоордун координатору Курманалиева А.)
Апта сайын жума күндөрү - "Гений" радиоберүүсү
Качан: апта сайын жума күндөрү саат 13:30дан тартып 14:00гө чейин
Кайда: Биринчи радио
“Гений” программасы Биринчи Радио менен кызматташтыкта «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун катышуусу менен эфирге чыгат.
Телефон: 0552600738 (алып баруучу Жоодонбеков А).