«Манас» сүрөттөрдө» китеби жарык көрдү
September 29, 2016, 06:00«Манас» эпосу – кыргыз элинин уникалдуу рухий байлыгы болуп саналат, анткени эпосто элдин тарыхый эс тутуму гана эмес, анын келечеги үчүн рухий дарамет болгон биримдиктин, күчтүн жана туруктуулуктун формуласы жана кандай гана бороон - чапкын болбосун ага жапатырмак каршы тура алган улуттун эрки да сакталып калган.
Эпостун миллиондогон саптарын кыскартып тааныштыруу аркылуу Манастын тарыхын ар бир балага жеткирүү үчүн китепти жаратуучулар жапондордун манги жанрын колдонушкан, тактап айтканда китептин мазмууну иллюстрациялар менен кыска, бирок нуска тексттерден турат. Балдар бул китепти окугандан кийин «Манастын» толук текстин ишенимдүү түрдө окууга кирише алышат.
Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү орус тилдүү китеп окурмандарынын кеӊири чөйрөсүн, ошондой эле кыргыз тилин жетишерлик билбеген балдарды кыргыз элинин уникалдуу адабий-поэтикалык мурасы менен тааныштыруу максатында бул китеп орус тилинде чыкты. Ушундай жол менен гана – окуу, түшүнүү аркылуу гана биримдикке бара алаарыбызга ишенсек болот.
Аталган китепти окуу менен биз улуу манасчылар Саякбай Каралаевдин, Сагымбай Орозбаковдун, Жусуп Мамайдын жана башка белгилүү манасчылардын айтуусундагы Манастын түп нуска текстери менен тааныша алабыз. Китеп манасчылардын обон кошуп айткан сюжеттерин, Манас тууралуу элдик той-салтанаттарды, спектаклдерди, кинофильмдерди түшүнүүнү жеӊилдетет.
Бул китепти жаратуу идеясы КР экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Исаковна Отунбаевага таандык.
Окурмандар кызыгуу менен окусун деп Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Бексултан Жакиев улуу манасчылардын варианттарынын негизинде кыска тексттерди жазып чыккан. Ал эми текстерге карата сүрөттөрдү сүрөтчү Замир Илипов тарткан.
Китеп толук түстүү, 380 сүрөттү камтыган 23 главадан жана глоссарийден турат.
Кыргыз элинин «Манас» баатырдык эпосу көлөмү боюнча дүйнөдөгү эӊ чоӊ оозеки чыгарма катары таанылган. Ал өзүнүн көркөм-философиялык даремети, мазмуунунун тереӊдиги жана окумдуулугу жагынан да дүйнөдө бир да эпосту алдына чыгарбайт.
Белгилей кетсек, китептин расмий бет ачаары үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында болот.