Ошто Кыргызстан мекендештеринин «Мекендештер - 2016» III Форуму аяктады

August 3, 2016, 06:00

1-2-августта Ош мамлекеттик университетинин базасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ уюштурган Кыргызстан мекендештеринин «Мекендештер - 2016» III Форуму болуп өттү. Бул жөнүндө КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

 

Көрсөтүлгөн форумга 400дөн ашык катышуучу – дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн диаспоралардын өкүлдөрү чакырылды, КР дипломатиялык кызматынын системасынан КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, Кыргызстандын Россиядагы, Өзбекстандагы, Казакстандагы жана Түркиядагы дипломатиялык мекемелеринин, ошондой эле КР ТИМдин тиешелүү департаменттеринин башчылары жана өкүлдөрү катышты.

 

Форумдун алкагында пленардык жыйналыштар өткөрүлдү, алардын жүрүшүндө катышуучулар чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен өз ара аракеттенүү маселелерин, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн алардын потенциалын тартуу механизмдерин, ошондой эле Кыргызстандын кадыр-баркын чыңдоодо диаспоралардагы жаштардын ролун талкуулады.

 

Өз сөзүндө Динара Кемелова мекендештер менен жүргүзүлүүчү ишти КР дипломатиялык кызматынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири деп белгилеп, Форумдун катышуучуларына мекендештер менен өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана чет өлкөлөрдөгү КР жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча ТИМ жана КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери жүргүзүп жаткан иш жөнүндө маалымдады.

 

Сөзүн аяктап жатып, Д.Кемелова чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын лидерлерине ыраазычылык билдирип, аларды «элдик дипломаттар» деп атап, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларын бириктирүү, алар жүргөн өлкөлөрдө кыргыз маданиятын жана кыргыз тилин колдоо, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү мекендештердин натыйжалуу интернет-порталдарын өркүндөтүү зарылчылыгын баса белгиледи. 

Кабар