Борбордук Азиядагы маданий мурас боюнча семинар: «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз»
July 26, 2016, 06:002016-жылдын 21-июлундагы Бишкек шаарындагы Парк Отелдеги көргөзмө менен катар Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү боюнча уюмунун өкүлчүлүгү жана Ага Хандын Маданият боюнча трансты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен кызматташтыкта уюштурган семинар өттү. Бул семинар ар кыл таламдаш адамдарга маданий активдерди, атап айтканда, Борбордук Азияда жайгашкан активдерди иликтөөгө мүмкүнчүлүк берди жана тарыхый ажайып жерлерди сактоо аркылуу коңшу жамааттарга кыйла пайда алып келиши мүмкүн.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева бул семинарды саламдашуу сөзү менен ачты жана бул жагынан бир катар көрүнүктүү адистер, анын ичинде Париж шаарындагы Лувр музейинин мурдагы президент-директору Анри Луарет мырза, Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик Эрмитаждан д-р Павел Лурье жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Бакыт Аманбаева айым ар түрдүү маданий контексттерде жана ар башка географиялык райондордо тарыхый шаарларды реставрациялоо жана калыбына келтирүү боюнча семинардын катышуучуларына өз тажрыйбасын жана билимдерин бөлүштү.