Кемин районундагы Коңур жайлоосунда балдарды өнүктүрүү борборун ачышты
July 26, 2016, 06:00Кемин районунда Кичи-Кемин айыл өкмөтү «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун колдоосу менен Коңур жайлоосунда «Ынтымак» балдар өнүктүрүү борборун ачты.
Билдирилгендей, ага чабандардын 20дан ашык балдары барат. Алсак, 2016-жылдын 20-июлунда Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн жайыт комитети тарабынан чабандардын слету жана «Ынтымак» өнүктүрүү борборунун ачык эшиктер күнү уюштурулду. Иш-чарага «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын, Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Коңур жайлоосундагы чабандар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн үйрөтүүчү багыттагы мастер-класстар, конкурстар, оюндар, кызыктуу адамдар менен жолугушуулар өткөрүлдү, чабандар үчүн концерт жана майрамдык түшкү тамак уюштурулду.