Ат-Башы районунда медициналык экспедициянын алкагында калк текшерүүдөн өтөт

July 27, 2016, 06:00

Нарын областынын Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында медициналык экспедиция старт алды, дер билдирди Turmush’тун кабарчысы.

 

Билдирилгендей, экспедиция 8-августка чейин Кыргызстандын эл аралык университети, КР УИА, эл аралык тоо институту, медицинанын жогорку эл аралык мектеби тарабынан жүргүзүлөт.

 

Экспедициянын алкагында калктын нейрофизиологиялык жана психофизиологиялык абалы текшерилет.

 

Медициналык экспедиция «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

 

«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда» медициналык-алдын алуучу жардам көрсөтүү боюнча акция жөнүндө кең-кесири бул жерде >>>