Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Кара-Мойнок жайлоосундагы Суук-Булак жана Ак-Шумкар жайлоо өнүгүү борборлорунда пландалган мастер-класстардын бири өттү

July 29, 2016, 06:00

23-июль күнү Лейлек районундагы айтылуу Кара-Мойнок жайлоосундагы Суук-Булак жана Ак-Шумкар Балдарды өнүктүрүү борборлорундагы балдарга Баткен облустук Жаштар Борборунун жаш волонтерлору Чынгыз Колчуев, Айжан Ходжаева, Барчын Аширбаева жана Кумарбаев Алмаз мастер класстарды уюштурушту.


Өспүрүм балдар менен ата-энелерге алгач жаны медиа технологиялар - ноутбук, смартфон, планшеттин түзүлүшү, колдонуу жолдору, пайдалуу/зыяндуу жактары тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти. Дилгир балдар кайра – кайра ноутбукту колдонуп, тамга терип аты-жөнүн жазганга кызыкты. Жаратылыш койнунда селфи жасашты.


Эң башкы, балдар үчүн жагымдуу болгон жагдай жайлоого чыккан мезгилден бери алар сүйгөн мультфильмдерди көрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугун жаш волонтерлор орундатышты. Жайлоо шартында ноутбук аркылуу популярдуу болуп жаткан “Зверополис” мультфильми кыргызча котормосу менен тартууланды.


Зверополис өлкөсүндө ар түрдүү жаныбарлардын жашоосу жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн баардык күчүн жумшаган полицейлер Ник Уайлд менен Джуди Хопс каармандардын образында өздөрүн элестетип, терең берилип көргөндүгү кубантты. Акырында, волонтерлор келечекте ар бир бала ким болгусу келээрин жана эмне үчүн бул кесипти тандап жаткандыгы тууралуу кеңири талкуу жүргүздү.


Белгилей кетсек, Кара- Мойнок жайлоосунда Ак-Шумкар жана Суук-Булак б.б. быйылкы жылы жергиликтуу бийлик органдарынын жана ата-энелердин иштиктүү аракеттери менен 2 жайлоо бала бакчасы ачылды. Түйшүктүү иш аракетиңиздер берекетин берсин.


Алга Кыргызстан, алга Ак-Шумкардын балдары!!!