«Жайлоо бала бакчасы-өнүгүү борбору» долбоорунун алкагында 26-июлдан 7-августка чейин «Конок мугалим» программасы ишке ашырылууда
July 29, 2016, 06:00“Жайлоо бала бакчасы-өнүгүү борбору” долбоорунун алкагында “Конок мугалим” программасы ишке ашырылууда. Бул программанын максаты:
Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлорунда иштеген тарбиячылардын бири-бири менен тажрыйба алмашуусу, пикир бөлүшүү жана мыкты мисалдарды кеңири жайылтуу.
Бул программанын алкагында түштүк аймактарынан беш тарбиячы, түндүк аймактарынан беш тарбиячы, төмөндө көрсөтүлгөн жайлоо өнүгүү борборлорунда мастер класстарды өткөрүшүп, бири-бири менен тажрыйба алмашып, пикир бөлүшүп, мыкты мисалдарды кеңири жайылтуу боюнча сапарлары түндүк, түштүк маршруттары боюнча уюштурулат.
Түндүк маршруту 26-31 июль аралыгында: Түштүк аймактарынан (Лейлек району, Кулунду АО, Базар Коргон району, Кызыл-Үңкүр АО, Ноокат району, Кыргыз-Ата АО, Чоң Алай- району, Жекенди ББ, Талас районунан, Бекмолдо АО) келген мугалимдер Чоң-Кызыл-Суу (Ак-Таш жайлоосу), Кочкор району Чолпон АО (Кызарттын бели) – Нарын шаары №15 ЖББ (Солтон-Сары жбб), Ак-Талаа району (жайкы лагери), Сөң-Көл жайлоосундагы бала бакча-өнүгүү борборлоруна болуп иш тажрыйба алмашышат.
Түштүк маршруту 2-7-август аралыгында: Түндүк аймактарынан ( Ак-Талаа району, Адис Адилет бб, Кочкор району, Кызыл-Дөбө, Жети-Өгүз АО, Талас району, Бекмолдо АО, Панфилов району, Вознесеновка АО) келген мугалимдер Суусамыр жайлоосу ,Талас районунун ЖББ, Жалал-Абад областы, Базар -Коргон району, Кызыл-Үңкүр АО , Кең-Кол жбб, Алай -Чыйырчык жайлоо бала бакчасы, Ноокат району, Баткен обасты, Лейлек району, Кара-Мойнок жайлоосу, Баткен району Самаркендек АО,Андиген жайлоосундагы бала бакчасы-өнүгүү борборлорунда болуп иш тажрыйба алмашышат.