Мекендештердин «Мекендештер – 2016» III Форумунун программасы
July 27, 2016, 06:002016-жылдын 1-2-августунда Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин базасында мекендештердин үчүнчү «Мекендештер – 2016» форуму өтөт.
Мекендештердин «Мекендештер – 2016» форуму – бул мекендештердин, өкмөттүн жана бизнестин натыйжалуу диалогу үчүн туруктуу (эки жылда бир жолу), өзүнүн ийгиликтүү экенин далилдеген аянтча, ал чыныгы ишкер долбоорлорду жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн келечектерин, инвестициялык жана инновациялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн.
Форумдун алкагында өлкөнүн чегинен тышкары жакта, дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында жашап жана иштеп жаткан бардык мекендештерибиз, ошондой эле басымдуу түрдө үч – Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү ар бир тармактагы кырдаал жөнүндө, КРда бизнести жүргүзүүнүн келечектери жана жолдору, инновациялык жагдай жөнүндө өкмөт мүчөлөрүнүн оозунан угат, пикир алмашат, өлкө, область, район, шаар үчүн көптөгөн долбоорлорду турмушка ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт.
Бул иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Экономика министрлиги, КР Тышкы иштер министрлиги, КР Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызмат аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Ош шаарынын мэриясы, Ош мамлекеттик университети, "Замандаш" Ассоциациясы менен өнөктөштүктө жана алардын түздөн-түз катышуусу менен өткөрүп жатат жана ал инвестициялык жагдайды жакшыртууга жана областтын экономикасына ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвестициялардын келишин андан ары стимулдаштырууга багытталган.