Ура! Өз бакчабыздын мөмө-жемиштеринен жасалган компотту ичебиз!

June 15, 2016, 06:00

Чүй областынын он бир мектебинин окуучулары жакын арада компот үчүн өзүнүн мектебинин жанындагы участокто өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди пайдалана баштайт. Ушул жылдын мартында отургузулган көчөттөр жакшы өсүп чыкты жана мектептин жанындагы участок мөмө бакчасына айланды. Мектептердин директорлорунун айтымына караганда, бир нече ай мурда отургузулган алмалар быйылкы жылы дароо гүлдөдү. 3000ден ашык мектеп окуучулары аш болумдуу рацион менен камсыз кылынат, анткени витаминге бай компоттор балдардын мектептеги түшкү тамагынын курамдык бөлүгү болуп калат. Сегиз мектепте мөмө бактарынын көчөттөрү БУУ ФАОнун (БУУнун Айыл чарба азык-түлүк уюму) долбоорунун аркасында отургузулду. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоору Александровка айыл округунда Октябрь атындагы мектепте мөмө бактарды отургузууну колдоду. Ал эми Ысык-Ата районунун эки мектебинде KICB Ага Хан Фондунун жана «Кумтор Оперейтинг Компанинин» колдоосу менен 300дөн ашык көчөттү отургузду.


Отургузуу учурунда ар бир мектеп алманын жана алмуруттун 200дөн ашык көчөтүн алды. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду алда канча таза жана сарамжалдуу тамактанууга көмөктөшүү, турмуштук адаттарды калыптандыруу жана жаратылыш менен тааныштыруу үчүн окутуучу платформа катары мектептердин жанындагы бакча участокторун түзүүнү кубаттайт жана колдойт.


Чүй областынын оң тажрыйбасы бар пилоттук мектептериндеги ушул демилге, сөзсүз түрдө, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, ошондой эле Россия Федерациясынын элчилигинин финансылык жана техникалык колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги жүзөгө ашырып жаткан программаны (Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруунун мамлекеттик программасы) турмушка ашыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын башка мектептерине да шыктанууну берет.