Бачата, кизомба… Бишкекте ачык асмандын алдында жүздөгөн киши бийледи

June 6, 2016, 06:00

Улуттук филармониянын алдындагы жалпы эл катышкан бий майрамына майыптыгы барлар да келип, башкалардан кем калбай бийге түштү.

 

Ишемби күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония алдында социалдык бий деп таанылган бачата, кизомбаны жалпысынан 300гө чукул эл чыгып бийледи. 

 

Уюштуруучулар сальса, бачата, кизомба бийлеринин кантип аткарыларын көрсөтүп, андан сырткары ар кыл конкурстар уюштурулду.

 

Медиа эксперт, Саламаттыкы сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова социалдык бийлер эл арасында жакшы тарап, кызыгуу менен бийлене баштаганын айтты.


 


"Буга чейин 15-20 киши гана бийлөөгө келе турган болсо, азыр жаштардын көпчүлүгү кызыга баштады. Бийлеп жана пикир алышуу деген жакшы да. Андан сырткары, майып кишилер да келип бийге түштү, бул да эң сонун көрүнүш", — деди Баялинова.

 

Иш-чарыны "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондусу демилгеледи.

 

 

 

Социалдык бийлер — ар кыл элдин ар кыл стилдеги бийлеринин жыйындысы. Адатта мындай иш-чаралар таймаш жана бош убакыттагы эс алуу катары өтөт.

  

Sputnik Кыргызстан