29-апрель – Эл аралык бий күнү!

April 29, 2013, 06:00

Бий – бул ритм жана стилди сезүү. Бул өз эмоцияларын жана сезимдерин кыймыл аракет аркылуу билдирүү. Бий музыка менен тыгыз байланышта жана анын эмоционалдык мазмуну өзүн кыймыл, образ жана композиция аркылуу чагылдырат. Бийде жашоо ритми согуп турат.

Бийдин көптөгөн багыттары жана стилдери бар: акробатикалык бий, балет, бал бийлери(вальс, фокстрот, самба, румба), тарыхый бийлер (мазурка, менуэт, полонез ж.б.), Латын Америкасынын бийлери (аргентина тангосу, сальса, меренге, бачата ж.б.), элдик бийлер жана көптөгөн башка бийлер! Бирок бирден-бир эң кеңири жайылган бий багыттары – заманбап бийлер (hip-hop, брейкинг, поппинг, электродэнс, крамп, локинг ж.б.). Бул бийлер импровизацияны, баттлдарга (battle – англ. тилинен «салгылашуу») активдүү катышууну жана эл менен эркин баарлашууну ниет кылат.

Ушундай баттлдардын бири БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫНДА18- жана 19-майда “Бий-театралдык” классында (Балдардын жана өспүрүмдөрдүнулуттук “Сейтек” борборунун жанында) өтөт! Баталиялар төрт багыт боюнча өткөзүлөт:hip-hop, поппинг, крамп жана show-case (даяр бий номери).

18-майдагы тандап алуу туруна 250дөй бийчи катышат! Жана алардын 58 (3 багыттын ар биринен 16 кишиден) катышууну 1/8 финалдан 19-майда БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫНДА (Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун жанында) өтө турган финалга чейин улантышат. Бий таймашууларына «Let’sdance», «Ё», «B.Style», «Flashpoint», «Divas», «Gameover», «Wenext», «Levelup», «SlowMotionCrew» сыяктуу бий студиялары жана коллективдер катышышат.

Бий “салгылашууларынан” башка Сиздерге “Сейтек” борборунда өтө турган «Maya-Show» социалдык бий мектебинен сальсе жана меренге жана «B.Style» бий студиясынын мастер-класстарына , брейк-данс жана hip-hop боюнча мастер-класстарга катышып, ошондой эле «ШайырDance»студиясынын көрсөтүүлөрүн көрүп кетүүнү сунуштайбыз.

Биз Сиздерди БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫНДА 18-жана 19-майда “Концерттик-театралдык “ класста (Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун жанында) күтөбүз!