Премьерага чейин Simul спектакли жаштар театры “Тунгучта” көрсөтүлгөн.

May 1, 2013, 06:00

Табышмактуу аттагы Simul спектаклинин премьерасы 18-майда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фонду өткөрүп жаткан Биринчи Билим фестивалында көрсөтүлөт. Андан кийин “Тунгуч” театрынын коллективи өзүлөрүнүн жаңы жаратуусун Кытайда өтүүчү Эл аралык фестивалга алып чыгышат. Азырынча спектаклди жакын досторго жана пикирдештерге көрсөтүү чечилген. 

Музыкалык-пластикалык жаңы фантазияны көрүүчүлөргө КРнын Эл артисти, труппанын жетекчиси жана бул спектаклдин режиссеру Жамал Сейдахматова тартуулады. 

“Мен акыркы убакта эмне үчүн адамдар аларды курчап турган дүйнөгө наадандык менен мамиле жасашат деп көп ойлоном. Алар өзүлөрүнө окшогондор менен согушуп жана аларды өлтүргөндөн башка жаратылышты жок кылышып, айбанаттарды атып өлтүрүп, токойлорду өрттөп, деңиз жана океандарды булгап жатышат.Бирок бул планетада бардыгы бири-бири менен байланыштуу. Биз бири-бирибиз жок жашай албайбыз. Мына ушул темада мен ой жүгүртүүнү кааладым”, - деди ал. 

Simul – бул адамдарга карата башкалардан бөлөкчө, көркөм эскертүү. Бул оюундун аталышын эл артистинин баласы тапкан, ал апасынын жаңы спектаклдин үстүндө иштеп жана ага ылайыктуу ат изтеп жатканын көрүп “бир убакытта” же “бирге” деген латын сөзүн "simul" сунуштаган. 

“Бул жер жүзүндө бардыгыз гармонияда жашашыбыз керек. Жер шары – бул биздин үйүбүз жана биз аны сактоого милдеттүүбүз. Мына ушуну адамдар унутуп калганда эмне болоорун биздин музыкалык-пластикалык спектаклде көрсөтүүгө аракеттендик”,- деп кошумчалады эл артиси. 

Спектаклдеги бардык ролдорду “Тунгуч” театрынын астындагы студиянын окуучулары аткарышат. Алар 30 адам. Балдар актёр чеберчилиги менен өткөн жылдын октябрь айынан баштап алектене башташкан жана айбанаттар дүйнөсүнүн ар кайсы өкүлдөрүн ойногон "Simul" спектакли менен элге биринчи жолу чыгып жатышат. 

"Вечерний Бишкек"