«Мекендештер-2016» форумунун катышуучулары үчүн маданий программа

May 17, 2016, 06:00

"Мекендештер – 2016" Форумунун уюштуруу комитети иш чаранын катышуучуларына жана меймандарына өнөктөшү «Osh Travel» Экскурсиялар жана Саякаттар Бюросунан атайын маданий программаны сунуш кылат.


2016-жылдын 1-2-августунда Ош шаарындагы (Кыргыз Республикасы) Ош Мамлекеттик Университетинде өтүүчү Кыргызстандык мекешдештердин «Мекендештер – 2016» III Форумуна төмөнкү шилтеме боюнча: https://docs.google.com/forms/d/1E2fElWddxeQBPrrvoewFTF9IQUSOSZGkf-hqkwcXqDY/viewform?c=0&w=1 каттоодон өтүү менен катышууга болот.


Бул кеңири масштабдуу иш чаранын максаты чет өлкөлөрдө жашап жүрүшкөн мекендештери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык-экономикалык өнүгүү, чакан жана орто бизнести, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында бизнестик-билим берүүнү өнүктүрүү чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн ишкер платформаны түзүү болуп саналат.


Сиздер төмөнкү дарек боюнча биздин менеджерибизге кайрылуу менен каалагандай суроолоруңуздарды берсеңиздер болот:

Email: mekendeshter@roza.kg

Тел.: 0312 66 35 38


Сиздер каталогду PDF форматында көчүрүп алсаңыздар >>>   же чоңойтуу үчүн кандай болбосун төмөнкү сүрөттөрдү бассаңыздар болот.