«Роза Отунбаеванын Демилгелери» фондунан илим кербени

May 17, 2016, 06:00

2016-жылдын 10-майынан 14-майына чейин «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фондунун 18 кишиден турган командасы Кыргызстандын эң алыскы райондору – Кара-Сууда, Чоң-Алайда, Ала-Букада, Чаткалда болуп кайтышты. Бардык райондор бийик тоолуу аймактарда жайгашышкан – мисалы, Чоң-Алай району 3615 метр бийиктикте, ал эми Чаткал району – 2841 метр бийиктикте жайгашкан.

 

Сапардын алкагында райондордун активи менен жолугушуулар өткөрүлдү, балдардын эрте өсүшү боюнча лекциялар окулду, педагогдор жана ата-энелер үчүн инклюзивдик билим берүү, жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн илимий билим берүү боюнча консультациялар берилди, элдердин этнографиялык бийлери боюнча чеберчилик-класстары өткөрүлдү.

 

КР экс-президенти, фонддун уюштуруучусу Роза Отунбаева райондордун активи менен жолугушууларда уюмдун долбоорлору тууралуу айтып берди, «Менин атам – Дэн Сяопин» китебинин, алдыда турган “Мекендештер: Кыргызстандын келечегине салым” форумунун жана Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» китебинин презентацияларын өткөрдү. Ошондой эле өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө балдардын эрте өсүп жетилүүлөрүнүн маанилүүлүгү тууралуу маселелерге токтолду, ата-энелердин, өзгөчө аталардын өз балдарына күнүгө эч болбогондо 15 мүнөттөн китеп окуп берүүлөрүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн, балдардын өсүп жетилүүсүндөгү чоң ролун белгиледи.

 

Сапар бүтүндөй маалымат алмашууга, республиканын ар түрдүү райондорунун жана областтарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө арналды. Ага Ош мамлекеттик университетинин, Кара-Кол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы областтык лицейдин, Ош шаарындагы Балдардын чыгармачылык борборунун өкүлдөрү, инклюзивдик билим берүү жана Монтессори-педагогикасы боюнча эксперттер жана Бишкек шаарынан хореографы Тургуналы Мамай катышышты. Катышуучулардын бардыгына фонддун «Инклюзивдик билим берүү», «Жайлоодогу балдар бакчалары», «Мектептерде ысык тамакты оптималдаштыруу», «СТЭМ», «Балдарды эрте өсүп-жетилүүсү» долбоорлору боюнча кеңири маалыматтар берилди.

 

Жолугушуулардын жүрүшүндө Фондго эрте диагностиканы, өзгөчө муктаждыктагы балдарды дарылоону кошуп алганда, инклюзивдик билим берүү боюнча көптөгөн суроолор даректелди. Фонддун эксперттери оорулардын категориялары, алардын негизги симптомдору жөнүндө, ар бир конкреттүү учурда окутууга кандай мамилелерди колдонуу керектиги жаатында лекцияларды өткөрүштү. Жолугушуулардын жүрүшүндө ата-энелер жана мугалимдер абдан көптөгөн суроолорду беришти, анын ичинде кошумча төлөмдөр жана инклюзивдик класстардагы жана балдар бакчаларындагы топтордогу каржылоонун механизмдери боюнча суроолор берилди, конкреттүү учурлар жана конкреттүү балдар менен иштөө жөнүндө консультацияларды алышты. Бул өз кезегинде, Кыргызстандын ар түрдүү аймактарында көчмө консультацияларды жана медициналык психологиялык-педагогикалык жолугушууларды, өзгөчө алыскы аймактарында өткөрүп туруунун зарылдыгы жөнүндө айтып турат.

 

Монтессори-педагогикасы боюнча лекциялар өзгөчө чоң кызыгууларды жаратты. Балдарга карата гумандуу мамиле кылуу, мейли балдар бакчаларында, ошондой эле үй-бүлөөлөрдө балдардын эрте өсүп-жетилүүлөрүнүн зарылдыгы учуучулардын басымдуу бөлүгү – ата-энелер жана педагогдор үчүн айдан-ачык болуп калды. Ата-энелер жана педагогдор балдардын эрте өсүп-жетилүүлөрүнүн, өздөрүнү балдарынын келечегине кошчу салымдарынын маанилүүлүгүн, балдар бакчаларынын жана сапаттуу билим берүүнү зарылдыгын түшүнүшөт.

 

Бийчи-хореограф Тургуналы Мамайдын элдердин этнографиялык бийлери боюнча чеберчилик-класстары ири ийгиликтер менен өттү. Бийлер балдар жана жаштар үчүн да, ошондой эле чоңдор үчүн дагы кызыктуу болду. Кыргыз бийлери бул искусствонун эле түрү эмес, ошондой эле күн санап кеңири белгилүү жана сүймөнчүктүү боло баштаган кыргыз элинин мурастарынын кайра жаралышы да.

 

Жолугушуулардын жүрүшүндө «Башталгыч класстардын окуучулары үчүн мектепте таматанууну уюштуруу» долбоорунун бетачары болду. Анда мектептерде ысык тамакты киргизүү боюнча стратегиялык планын түзүүнүн, ага ата-энелердин жана жергиликтүү жамааттардын катышууларынын маселелери козголду. Бетачардын убагында катышуучулар уюштуруу маселелери боюнча эле эмес, ошондой эле ушул долбоордун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду ала алышты. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы программасына кирген мектептердин, ысык тамакты өз алдынча киргизишкен уюмдардын жана мектептердин мисалында, ийгиликтердин таржымалы жана фото сүрөттөр аркылуу мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын мектептеги тамактанууну жакшыртуу боюнча иштери жөнүндө маалыматтар берилди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мектептердин жана ата-энелердин ысык тамакты камсыз кылууну жүзөгө ашыруудагы кызматташтыктары жөнүндө кыскача айтып беришти.

 

Мектеп окуучуларынын арасында да, ошондой эле райондордун калкынын арасында дагы жаңы маалыматтык технологияларды пайдалануу боюнча маалыматтар жана практикалык курстар абдан арбын керектелет.

 

«Айым техникада жана илимде» (STEM) долбоору боюнча 9-11 класстардын окуучу кыздары үчүн STEM жаатындагы билим берүү жөнүндө лекция өткөрүлгөн жана бул багыттын келечеги тууралуу көрмө чыгырыктар көрсөтүлгөн. Андан кийин кыздар үчүн бир аянтта STEM тармактары боюнча (физика, химия, информатика) мастер-класстары уюштурулган, аларда катышуучулар өздөрүн кызыктырган багыттар боюнча топторго бөлүнүп алышып, аларга жигердүү катышкан.

 

Ошентип, информатика кафедрасынын улук окутуучусу Гульшаан Эргешова кыздарга компьютердин негизги компоненттери жана алардын функциялары боюнча чеберчилик классын көрсөткөн. ОшМУ окутуучулары Айчүрөк Эгемназарова, Күлүйпа Абдраева химия жана физика боюнча мастер-класстарын өткөрүшкөн жана эксперменттерди жана лабораториялык жумуштарды жүргүзүшкөн.

 

Мсатер-класстарынын максаты – кыздарга так илимдер иш жүзүндө алар ойлогондой татаал эмес экенин, алардын ар бири эксперименттерди өз алдыларынча аткара алышарын, жана болочокто бул багытта иштей алышарын көрсөтүү болуп саналат.

 

«Ачык билим берүү ресурстары» (АБР) долбоору боюнча бет ачарлар жана жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү.

 

Бардык мугалимдер үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу алдында чыгарылган «Ар түрдүү сабактардагы ачык билим берүүчү ресурстар» маалымдама-китебинин бет ачары өткөрүлдү. Китепте мектепте өтүлүүчү сабактар боюнча ачык билим берүүчү ресурстарга шилтемелер камтылган.

 

Андан ары мугалимдер Кара-Кол ш. областтык лицейдин директорунун УВР боюнча орун басары Жаркын Убайдылдаеванын жана ачык билим берүү ресурстары боюнча математика мугалими Касиет Эмилбаеванын маалымат берүү жана педагогдордун АБР пайдаланууга кызыгуулары арттырууга багытталган бет ачарларын угушту.

 

Мындан тышкары, ОшМУ проректору О.Шаимкулов ИКТ өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Индиянын тажырыйбасы жөнүндө айтып берди. Андан кийин Жаркын Убайдылдаева жана Касиет Эмилбаева сабакка даярдык көрүүнүн кызыгын арттыруучу, ал эми сабактарды – ар түрдүү кылуучу интернетте окуу китептерин жана укма жазууларды, көрмө сабактарды жана башка билим берүүчү ресурстарды пайдалануу боюнча мугалимдер үчүн тренинг өткөрүштү.

 

Жыйынтыгында мына буларды белгилегибиз келет: экономикалык кыйынчылыктарга жана жумушсуздукка карабастан, райондор өнүгүүдө: балдар бакчалары жана мектептер курулууда, мектептерде ысык тамак-аш уюштуруу киргизилүүдө, көптөгөн жаңы үйлөр, мейманканалар жана конок үйлөрү курулууда. Чаткалдын жана Чоң-Алайдын мектептеринде интерактивдүү доскалар орнотулганын, класстар компьютерлер жана проекторлор, веб-камералар менен жабдылганын белгилей кетүүбүз керек.