Борбордогу жазгы ишембилик (фоторепортаж)

May 16, 2016, 06:00

Өткөн дем алыш күндөрү Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакта «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында «ТазаБиш» акциясы болуп өттү.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси», «Көчмөн», «Арча Демилгеси» Фонддорунун жана Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарынын волонтерлорунун жана кайдыгер эмес жарандардын өкүлдөрү Ботаникалык бакты ирээтке келтиришти.