“Кыргызстандын балет артистеринин Австриядагы стажировкасы жөнүндө”

May 3, 2013, 06:00

2013-жылдын 19-апрелинен 30-апрелине чейин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисттери КРнын Эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов жана Асель Айдарова Вена Мамлекеттик Операсында (Австрия Республикасы) кесиптик стажировка өтүштү.

Кыргыз Республикасынын экс-президенти, Эл аралык коомдук фонддун уюмдаштыруучусу Роза Исаковна Отунбаева бул иш чаранын демилгечиси болуп чыкты.

Стажировканын программасына классикалык жана заманбап хореография, актёрлук чеберчилик боюнча дүйнөлүк балетмейстрлердин мастер-класстарына катышуу киргизилген. Биздин балеттин солисттери Вена Мамлекеттик Операсынын башкы репетицияларын жана репертуардык спектаклдерин көрүү, “Вена балдар музыкалык театрын”, Вена хореографиялык училищасын, башка театралдык-көрүү уюмдарына баруу, ошондой эле театр ишинин чеберчилик уюштурулушу жана австриялык борбордун маданий ажайып жайлары менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ боло алышты.

 

Маалымат:

Талант Осмонов – балеттин солисти, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасынын алдыңкы чебери, Махмуд Эсенбаев атындагы (Грозный шаары, Чечен Республикасы, Россия, октябрь 2010-ж.) Экинчи эл аралык соло бийдин фестиваль-сынагынын “Эстрадалык бий” номинациясындагы “Үчүнчү сыйлыктын” лауреаты, 2011-жылдын октябрында “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамы менен сыйланган. Бир топ сыйлыктардын ээси, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” Белгиси (сентябрь 2011-ж.); 2010-жылдагы республиканын маданий-агартуу мекмемелеринин арасында чеберчилик жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин “Жылдын мыкты бийчиси” номинациясынын сыйлыктары жана диплому; 2009-жылдагы балеттик репертуардын башкы партияларын аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин Ассамблеясы уюмдаштырган СССРдин эл артиси Чолпонбек Базарбаев атындагы Республикалык сыйлыктын лауреаты; “Кыргызстандагы жылдын адамы” долбоору “Азия Дауысы” Эл аралык фестивалынын 2008-ж. “Кыргызстандын балетинин мыкты дуэти” (балеттин солисткасы Асель Айдарова менен бирге) номинациясында сыйланган. 

Асель Айдарова ошондой эле балеттин солисткасы, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасынын алдыңкы чебери. Бир топ сыйлыктардын ээси, анын ичинде маданият жана искусство тармагында сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Ардак грамотасы (октябрь 2010-ж.); Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” Белгиси (июнь 2009-ж.); А.Глазуновдун бир аттуу балетинде Раймонданын партиясын мыкты аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мадания ишмерлеринин Ассамблеясы уюмдаштырган СССРдин эл артиси Бүбүсара Бейшеналива атындагы Республикалык сыйлыктын лауреаты (2008-ж.); “Кыргызстандагы жылдын адамы” долбоору “Азия Дауысы” Эл аралык фестивалынын 2008-ж. “Кыргызстандын балетинин мыкты дуэти” (балеттин солисти Талант Осмонов менен бирге) номинациясында сыйланган; “Жаш таланттар” Республикалык сынагынын “Грация” номинациясынын лауреаты (1999-ж._.