Ош шаарында «Мекендештер» форумуна даярдыктар башталды

May 10, 2016, 06:00

Бүгүн, 10-майда Ош шаарында «Мекендештер» форумуна даярдык көрүүгө багытталган жыйын өтүп жатат. Ага экс-президент Роза Отунбаева, чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери катышууда.


«Чет өлкөдө жүргөн мекендештерге ар бирибиз жардам беришибиз керек. Мамлекеттик органдар дагы биргеликте иштеши керек. Мекендештерге жардам берип, аларга иш ордун түзүп берүү жолдорун издейли. Азыр чет өлкөдө иштеген биздин мыкты адистер бар. Алар бизге тажрыйбасы менен бөлүшүп, жардамдарын көрсөтүүдө», - деди Р.Отунбаева.

Turmush