Мектеп күнөсканасында лимон өстүрүлөт

May 11, 2016, 06:00

Бул сюжет Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Алишер Навои атындагы мектептин ысык тамакты уюштуруудагы алдыңкы тажырыйбасы тууралуу баяндайт. Мектепте БУУ ДАТП колдоосу менен күнөскана курулган. Анда окуучулардын тамагына кошуу үчун жашылчалар отургузулган, лимон да өстүрүлуп жатат. Мектеп ашканасын да БУУ ДАТП 650миң сомдук жабдуулар менен камсыздаган. Окуучулардын ысык тамагынын уюштурулушуна жергиликтүү бийлик жана ата-энелер да көмөгүн кошушкан. Учурда 226 окуучу ысык тамак ичишет.