«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2016-жылдын майына иш-чараларынын дайджести

May 1, 2016, 06:00

2016-жылдын майына

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын

 

иш-чараларынын дайджести

 

 

 

10-МАЙ - Үчүнчү "Мекендештер" форумуна даярдыктын алкагында тегерек стол

Качан: 10-МАЙ, саат 10:30да

Кайда: Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)

Кирүү: чакыруу боюнча

Телефон: 0312 663538, www.mekendeshter.org,mekendeshter@roza.kg

 

 

10-14-МАЙ – «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын инновациялык идеяларынын фестивалы

Качан: 10-14-МАЙ

Кайда: Ош жана Жалал-Абад областтары

Негизги максат – адамдык ресурстарды өнүктүрүүдө дүйнөлүк жана жергиликтүү алдыңкы тажрыйбаны өнүктүрүү жана жайылтуу багытында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын иши менен тааныштыруу, ошондой эле балдарды өнүктүрүүдө кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында жаңы демилгелерди жана өнөктөштүктүн (байланыштын) мүмкүнчүлүктөрүн сунуш кылуу.

Телефон: 0555773750, 0779003309

 

  

19-МАЙ – Алыкул атындагы сыйлыктын лауреаты Фатима Абдалованын «Поэзия кечеси»

Качан: 19-МАЙ, саат 18.00дө

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы

Телефон: 0555773750, 0772800376

 

 

26-МАЙ – Махатма Гандинин «Өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян» китебинин презентациясы

Качан: 26-МАЙ, саат 09.30да

Кайда: К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык универистети

2016-жылдын 26-майында Индиянын улуу гуманисти жана агартуучусу Махатма Гандинин кыргыз тилине которулган «Өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян» китебинин презентациясы өтөт.

Котормону КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын демилгеси боюнча тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин котормочулардын, тарыхчылардын жана лингвисттердин тобу менен бирге жүзөгө ашырды.

Телефон: 660 384

 

 

28-МАЙ – «Балдар филармониясы» жаңы долбоорунун ачылышы

Качан: 28-МАЙ, саат 11.00дө

Кайда: Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залы

Биринчи концерттин аталышы «Эң сонун кылымдын музыкасы» - бардыгы вальс жөнүндө.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук филармония менен бирдикте «Балдар филармониясы» долбоорун баштап жатат. Балдар филармониясы Кыргызстанда балдар жана ата-энелер үчүн алгачкы долбоор, үй-бүлөлүк эс алуу жана баарлашуу, бийик көркөм өнөрдүн мыкты чыгармаларына аралашуу орду болуп калат.

Балдар филармониясы балдардын эс алуусун уюштуруу булактарынын бири болуп калат жана балдарды музыкалык көркөм өнөргө аралаштырууга гана эмес, ошондой эле лекциялар, презентациялар, мастер-класстар, оркестрлердин репетицияларына катышуу жана Кыргызстандын белгилүү музыканттары менен баарлашуу түрүндө концерттерди өткөрүүнүн жаңы формаларын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Программалар дүйнөлүк мыкты тажрыйбаны эске алуу менен жана балдардын. өспүрүмдөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыккан жана дайыма өтүп турат. Филармония мыкты музыканттар жаш көрүүчүлөр менен баарлашып жана өзүн педагогдун ролунда сынап көрө ала турган аянтча болуп калат. Мектептер сыртка чыгуу менен, класстын дубалдарынан сырткары жерде аткаруучулар менен жандуу баарлашуу аркылуу музыка сабактарын өтүп жана «жандуу» үндү угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

 

Билеттер 18 жашка чейинки балдар үчүн 50 сом жана чоң кишилер үчүн 100 сом өлчөмүндө каралган.

Телефон: 660 382, 772 800 376

 

 

 

Бир ай бою – «Устат-3» долбоорунун алкагында максаттуу региондордогу тегерек столдор

Кайда: Ош шаары жана Талас шаары

Катышуучулар: менторлор, шакирттер, мектептердин директорлору, ИИОнун, ЖӨБнын өкүлдөрү жана башка таламдаш жактар.

Телефон: 0555757096

 

 

БҮТКҮЛ МАЙ БОЮ – Үчүнчү «Мекендештер» форумуна даярдык көрүү

Телефон: 0312 663538, www.mekendeshter.org, mekendeshter@roza.kg

 

 

Мекендештердин катышуусу менен меймандардын кезектеги лекциялары

Өткөрүүнүн так убактысы жана орду кошумча маалымдалат.

Телефон: 0312 663538, www.mekendeshter.org,mekendeshter@roza.kg

 

 

Устат-3 долбоорунун жабылышы

Өткөрүүнүн так убактысы жана орду кошумча маалымдалат.

Телефон: 0555757096

 

 

“ТазаБИШ” эко-акциясы

Өткөрүүнүн так убактысы жана орду кошумча маалымдалат.

Шаарда булганган жерлерди таштандылардан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан тазалоо.

Телефон: 0555151851, 0550328899

 

 

Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий

Өткөрүүнүн так убактысы жана орду кошумча маалымдалат.

Экология жана салттуу экологиялык билимдер жагынан борбордун мектептеринин табигый илимдер мугалимдери үчүн интерактивдүү лекция-презентация.

Телефон: 0550328899

 

 

Билим кербени: Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы

Өткөрүүнүн так убактысы жана орду кошумча маалымдалат.

6-8-класстардын окуучулары үчүн экология жагынан лекциялар, көрсөтүүлөр, мастер-класстар.

Телефон: 0556205305, 0550328899