Үч муундун поэзиясы

April 30, 2016, 06:00

2016-жылдын 28-апрелинде КР экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын демилгеси боюнча жана анын катышуусу менен Кыялбек Урманбетовдун «Поэзия кечеси» өттү. Кечеде Кыялбек Урманбетовдун өзүнүн, ошондой эле анын атасы – белгилүү акын Советбек Урманбетовдун тандалган чыгармалары жаңырды. Кечени акындын уулу жана небереси Дастан Урманбетов жыйынтыктады.

 

Кыялбек Урманбетовдун поэзиясынын тематикасы өтө кеңири – тентек балалык, улан чактын кыялкеч мезгили, балалык сүйүү жөнүндө, адамдын мүдөөсү, анын адептик дөөлөттөрү жөнүндө лирикалык ырлар. Акындын эл алдына ар бир чыгуусу көрүүчүлөрдү күлүүгө, жылмаюуга жана терең ойлонууга аргасыз кылат.

 

Акын өз угуучуларынын суроолоруна жооп берди, анча белгилүү болбогон бир нече чыгармасын окуду, гитараны өзү чертүү менен бир нече ырларын аткарды.

 

Акынды аздектеген адамдардын саны өтө көп жана курактары ар түрдүү, анын көпчүлүк чыгармалары обондуу ырларга айланат – Бишкектин «Бишкегим» гимни, Гүлнур Сатылганова аткарып жүргөн эң сонун «Ак санат» ыры жана көп сандаган башка ырлар. Бишкекке рамсий визит менен келген Түркиянын Вице-Премьер министри Йылдырым Тугрул Туркеш мырза, Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси Метин Кылыч мырза бул кеченин мейманы болуп калды.

 

Акындардын династиясы үчүнчү муундагы Дастан Урманбетов менен уланууда, ал ырларды орус тилинде жазат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Поэзия кечесин чагылдыргандыгы үчүн КТРК, ЭЛТР телекомпанияларына, кечени алып баруучу Мирлан Самыйкожого, ошондой эле иш-чараны өткөрүүгө жардам бергендиги үчүн «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин волонтерлоруна ыраазычылык билдирет.

 

Кийинки – Фатима Абдалованын «Поэзия кечеси» үстүбүздөгү жылдын 19-майында саат 18.00дө өтөт. Кирүү акысыз.