«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жаңы «Балдар филармониясы» долбоорун баштап жатат

April 27, 2016, 06:00

"Балдар филармониясын" ачуу боюнча пресс-релиз 

 

2016-жылдын 28-майы. Саат 11.00дө башталат 

 

Балдар жана ата-энелер үчүн музыкалык программа 

 

Биринчи концерттин темасы «Эң сонун кылымдын музыкасы» – бардыгы вальс жөнүндө

 

Балдардын жана жаштардын маданиятынын деңгээли төмөндөгөндүгү жөнүндө, мамлекет музыканттарды жана маданият ишмерлерин колдоо жагынан камкордук көрбөгөндүгү, үй-бүлөлүк маданий-билим берүү жактан эс ала турган жерлер жоктугу жөнүндө маселелер ЖМКда жана коомдо талкууланып жатат. Ата-энелер өз балдары менен баарлашууга, убакытты бирге өткөрүүгө жетиштүү убакыт бөлбөй жатат.

 

Экинчи жагынан, дүйнөдө маданий иш-чараларды өткөрүүнүн улам жаңы формалары түзүлүп, балдарга көркөм өнөрдү тартуулоо боюнча улам жаңы ыкмалар иштелип чыгып жатат. Австриянын жана Германиянын балдар музейлери, Нью-Йорктогу балдар театрлары, балдар филармониясы –булардын бардыгы ийгиликтүү жана талап кылынып турат. Суроо-талап бар. Демек, маселе сунуш үмүт-тилектерге шайкеш келишинде турат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук филармония менен бирдикте «Балдар филармониясы» долбоорун баштап жатат. Балдар филармониясы Кыргызстанда балдар жана ата-энелер үчүн биринчи долбоор, үй-бүлөлүк эс алуу жана баарлашуу, бийик көркөм өнөрдүн мыкты чыгармаларына аралашуунун орду болуп калат.

 

Бул долбоордун максаты балдарда, өспүрүмдөрдө жана жаштарда музыкалык билимдерди жана компетенцияларды калыптандыруу, эстетикалык сезимди өнүктүрүү болуп саналат, бул алардын жекече өсүшүнө жана музыкалык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

 

Балдар филармониясы балдардын эс алуусун уюштуруу булактарынын бири болуп калат жана балдарды музыкалык өнөргө аралаштырууга гана эмес, ошондой эле концерттердин жаңы формаларын лекция, презентациялоо, мастер-класстар, оркестрлердин репетицияларына катышуу жана Кыргызстандын белгилүү музыканттары менен баарлашуу формасында өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Программалар дүйнөлүк мыкты тажрыйбаны эске алуу менен жана балдардын, өспүрүмдөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыккан жана дайыма өтүп турат. Филармония мыкты музыканттар жаш көрүүчүлөр менен баарлашып жана өзүн педагогдун ролунда сынай ала турган аянтча болуп калат. Мектептер сыртка чыгуу менен, класстын дубалдарынан сырткары жерде аткаруучулар менен жандуу баарлашуу аркылуу музыка сабактарын өтүп жана «жандуу» үндү угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

 

Билеттер 18 жашка чейинки балдар үчүн 50 сом жана чоң кишилер үчүн 100 сом өлчөмүндө каралган. Бардык каражаттар залдын ижара акысын төлөө жана долбоорго тартылган музыканттарды колдоо үчүн Филармонияга берилет.