КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын борбордогу ЖОЖдордун студенттери менен жолугушуусу

April 27, 2016, 06:00

26-апрелде КММУнун Чоң залында КР экс-Президенти Р. И. Отунбаеванын борбордогу ЖОЖдордун лидерлери жана жигердүү студенттери менен жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушууну ЖОЖдор аралык “Личностное развитие” студенттик клубу уюштурду. Жолугушуу суроо – жооптор форматында өттү. Улан-кыздарды КР экс-Президенти Роза Исаковнанын ийгилигинин сыры кызыктырды. Эки жарым сааттын ичинде ал студенттердин жекече, социалдык-маданий, экономикалык жана глобалдык мүнөздөгү ар түрдүү суроолоруна жооп берди.

 

Силерге жолугушуу жөнүндө фотоотчетту көрүүнү сунуш кылабыз: