22-23-апрелде Бишкекте IV Билим берүү фестивалы болуп өттү

April 25, 2016, 06:00


Билим берүү – келечекти берүү! 

 

«Экология жана ден соолук»

 

Темасына IV Билим берүү фестивалы

 

 

22-23-апрелде Бишкекте IV Билим берүү фестивалы болуп өттү.

 

«Экология жана адамдын ден соолугу» темасына Фестивалдын биринчи күнү И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) өттү.

 

Фестивалдын ачылыш аземине КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Роза Отунбаева, КРнын биринчи ледиси Раиса Атамбаева, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын жетекчилиги, ошондой эле коомдук, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мектеп окуучулары жана шаардын студенттери катышты.

 

Фестивалдын биринчи күнү КММАнын окутуучулары жана студенттери кафедралар жана лабораториялар боюнча экскурсия, лекциялар, презентациялар жана көрсөтмөлүү демонстрациялар аркылуу борбордун мектеп окуучуларын жана шаардыктарды ЖОЖдун турмушу менен тааныштырды. Фестивалдын ар бир мейманы Борбордук Азиядагы жападан жалгыз Пластинация музейинде жана Анатомия музейинде, ЖОЖдун эки корпусунун аймагында көргөзмөлөргө жана ар кандай мастер-класстарга, анын ичинде Санкт-Петербургдан келген меймандан "Ecologic" эко-оюндарына, ошондой эле "Кыргыз Киносу" кинотеатрында мугалимдер үчүн лекцияга, презентацияларга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мындан тышкары, КММАнын Медициналык борборунда «Медициналык борбордун тумушунан бир күн» экскурсиясы өттү.

 

Ошол эле учурда КММАнын чоң залында Фестивалдын меймандары экинчи «Жашыл маектешүүнүн» алкагында презентацияларды укту жана экология жана ден соолук жагынан бышып жетилген көйгөйлөрдү эксперттер менен талкуулады, андан соң үгүт бригадаларынын жеңүүчүлөрүнүн оюн коюусу болуп өттү.

 

Оюн коюунун аягында шаардык үч конкурстун: үгүт бригадаларынын конкурсунун, Бишкек шаарынын мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелеринин арасында ТККдан эко-дубалдардын конкурсунун жана эко-плакаттардын конкурсунун эң мыкты мектеп командаларын сыйлоо болду. Фестивалдын биринчи күнү «Жигердүү шаардык, сен кимсиң?» темасына ЖОЖдор аралык КВН аяктады.

 

23-апрелде, Фестивалдын экинчи күнүнүн ачылышына КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Роза Отунбаева, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, КР билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Ага-Хан Өнүктүрүү уюмунун башчысы Шамш Кассим Лакха, ошондой эле коомдук, мамлекеттик, эл аралык уюмдар жана борбордогу шаардыктар катышты.

 

Ачылыштын алкагында Рио-де-Жанейро Паралимпиадалык оюндарга катышууга лицензия утуп алган кыргызстандык спортсмендерди урматтоо болуп өттү.

 

Экинчи күн, 23-апрелде (ишемби) Фестиваль Курманжан Датканын эстелигинин аймагында Эмен сейил багында, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында жана «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда өттү.

 

Фестивалдын бүткүл аймагында 7 класс – интерактивдүү аянтча иштеди, ал жерде ар бир адам: “Китеп текчеси”, “Билимбектин жомоктуу лабораториясы”, “Спорттук класс”, “Бий классы”, “Концерттик-театралдык класс”, “Көргөзмө-ярмарка” класстарында өздөрү үчүн кандайдыр бир кызыктуу нерселерди таба алды, аларды билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы, Кайрымдуулук ярмаркасы, “Гүлзар” гүлдөр ярмаркасы жана Эко-базар сыяктуу компоненттери сунуш кылды. Акысыз жомок оюндары жана театралдык спектаклдер Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында жана “Сейтек” Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда өттү.

 

Фестивалдын меймандары эки күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыкты артисттеринин жандуу аткарууларына жана балдар билим берүү борборлорунун оюндарына куштарланып жана OPEN AIR Latino Party ("Rio Social Dance School") социалдык бийлерине кечинде катыша алды. Фестиваль “Y-PEER бирдей окутуу тармагынан” деген жаштар флешмобу менен аяктады.

 

Бүтүндөй алганда эки күндүк билим берүү фестивалына 18 000ден ашык адам, 130дан ашык катышуучу уюм, 200дөн ашык волонтёр келди жана Фестивалдын иш-чараларын уюштурууга катышты.

 

2016-жылдагы билим берүү фестивалын “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясы жана И.К. Ахунбаев атындагы КММА менен бирдикте Кристенсен Фондунун башкы колдоосу, Ага-Хан Өнүктүрүү уюмунун жана KICB’нын демөөрчүлүк колдоосу, КР БжИМдин, КР КЖТМнын, КР КЧКТЧМАнын, “Кыргыз Киносу” кинотеатрынын, “ШОРО” компаниясынын, “Show Time” студиясынын, “Көчмөн” КФнын, “Rio Social Dance School” бий мектебинин, “PRO AIR” студиясынын, “Media LAB” продакш-студиясынын, “Со Медиагрупп” студиясынын жана “Bavarius” кафесинин өнөктөштүк колдоосу менен уюштурду.

 

Фестивалга төмөнкүдөй медиа өнөктөр маалыматтык колдоо көрсөттү: 5-канал, ЭЛТР, Тумар тв, Марал радиосу, Азаттык Радиосу, Кыргыз радиосу, Биринчи радио, Радио Европа+, Тумар Радиосу, Кыргызстан Авторадиосу, zanoza.kg, akipress.kg, sputnik.kg, kloop.kg. Vb.kg, Limon.kg, Вечерний Бишкек, Новые Лица газетасы, Тил жана маданият газетасы, Кутбилим газетасы.

 

"Pro Air" командасынын чымчыктын учканындай бийиктиктен тарткан Фестивалдын видеосу: