Бишкектин эки мектебинин окуучулары IV Билим берүү фестивалынын алкагында чыныгы операцияларга катышты

April 23, 2016, 06:00

Бишкекте И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) имаратында IV Билим берүү фестивалынын биринчи күнү өттү.

 

Фестивалдын биринчи күнү «Экология жана адам» темасына арналды.

 

Фестивалдын ачылышына КР экс-Президенти Роза Отунбаева, КРнын биринчи ледиси Раиса Атамбаева, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, КММАнын жетекчилиги, ошондой эле коомдук, мамлекеттик жана эл аралык уюмдар, шаардын мектеп окуучулары жана студенттери катышты.

 

«Келечекте бизде дени сак муун болушу үчүн балдарды өзүнүн ден соолугуна кандай мамиле кылуу керектигине үйрөткүбүз келет», -деп белгиледи Р.Отунбаева, иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөп.

 

КММАнын окутуучулары жана студенттери кафедралар жана лабораториялар боюнча экскурсиялар, мектеп окуучулары жана Фестивалдын меймандары үчүн лекциялар аркылуу мектеп окуучуларын ЖОЖдун турмушу менен тааныштырды.

 

Ошондой эле биринчи күнү «Экология жана ден соолук» темасы боюнча экинчи Жашыл Маектешүү өттү, анын алкагында меймандар Борбордук Азиядагы жападан жалгыз Пластинация музейи жана Анатомиялык музейине, көргөзмөлөргө, мастер-класстарга, билим берүү мекемелеринин (мектептер жана балдар бакчалары) окутуучулары үчүн лекцияларга, мектеп окуучуларынын арасындагы үгүт бригадаларынын шаардык конкурсуна бара алды, ошондой эле Медакадемиянын студенттери жана окутуучулары менен тикелей баарлашуу мүмкүнчүлүгүн алды.

 

«Саат 15:30да медициналык багыты бар шаардык эки мектептин окуучулары КММАнын алдындагы медициналык борборго– «Медициналык борбордун турмушунун бир күнүнө» бара алды. Борбор боюнча экскурсияда окуучулар медициналык персонал менен таанышып, эң жаңы аппараттар жана жабдуулар менен таанышып, айнек тосмо аркылуу чыныгы операцияга катыша алды», – деп айтылат билдирүүдө.

 

Фестивалдын биринчи күнү “Жигердүү шаардык, сен кимсиң?” темасына ЖОЖдор аралык КВН менен аяктады.