Бишкекте «Экология жана ден соолук» деген IV Билим берүү фестивалы старт алды

April 23, 2016, 06:00

Бүгүн И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында “Экология жана адамдын ден соолугу” темасына IV Билим берүү фестивалы старт алды.

 

Бул иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ Бишкек шаарынын мэриясы жана И.К.Ахунбаев атындагы КММА менен бирдикте Кристенсен фондунун жана башка коомдук, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардарынын башкы колдоосу аркасында уюштурду.

 

Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева белгилегендей, бул иш-чара эл үчүн маанилүү окуя. Бул фестивалды өткөрүүнүн максаты – сергек жашоо ыңгайы үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөнү түзүү максатында сырттан карап байкап туруучунун позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу балдарда жана жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданияттын деңгээлин жогорулатуу.

 

“Келечекте бизде дени сак муун болушу үчүн кенже курактан тартып балдарды өзүнүн ден соолугуна кандай мамиле кылуу керектигине үйрөткүбүз келет – деп айтты Р. Отунбаева.

 

Иш-чарага катышып жаткан Кыргызстандын Биринчи ледиси Раиса Атамбаева ушул долбоорду демилгелегендиги үчүн Р. Отунбаевага Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан жеке ыраазычылык билдирди жана бул фестивалдын маанилүү экенин айтты. “Бул иш-чара бизди жана балдарды экологиялык көйгөйлөр жөнүндө ойлонууга үйрөтөт жана курчап турган чөйрөгө, ошондой эле өз ден соолугуна аяр мамиле кылууга чакырат. Мамлекеттин жана улуттун келечеги биздин балдар кандай болуп өсө тургандыгына байланыштуу. Бул фонд биздин балдарды чыгармачылыкка жана туура тамактанууга, ошондой эле өзүнүн күндүзгү бош убактысын бөлүштүрүүгө жөндөмдөрдү үйрөтөт. Бул өтө зор иш”, - деп белгиледи Р.Атамбаева.

 

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова билдиргендей, шаардын мэриясы бул иш-чараны төрт жылдан бери колдоп келе жатат, бул жерде Бишкек үчүн гана эмес, ошондой эле Кыргызстан үчүн өтө актуалдуу маселелер көтөрүлөт. “Биздин балдарыбыз жыл сайын ушул фестивалды күтөт. Бүгүн Бишкек шаарынын мектеп окуучулары келди, эртең да 5 миңге жакын мектеп окуучусу бул иш-чарага катышат, алар өздөрүнүн иштеп чыккандарын жана чыгармачыл ийгиликтерин көрсөтөт”, - деп айтты вице-мэр.

 

Фестивалдын меймандарына жана өкүлдөрүнө мастер-класстарга катышуу мүмкүнчүлүгү берилди. И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын студенттери ушул эки күндүн ичинде мектеп окуучулары жана меймандар үчүн экскурсиялар аркылуу мектеп окуучуларын ЖОЖдун турмушу менен тааныштырат. Ошондой эле бардыгын көргөзмөлөр жана жолугушуулар, билим берүү мекемелеринин окутуучулары үчүн лекциялар, конкурстар жана КВНдер, ошондой эле ар кандай кафедралардын иши жөнүндө айтып бере турган студенттер жана окуучулар менен тикелей баарлашуу мүмкүнчүлүгү күтүп турат.

ИА "Кабар"