Мектеп ашпозчулары борбордун мыкты кулинарларынан үйрөнөт

April 22, 2016, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) колдоосу менен Чүй областынын мектептеринин ашпозчулары үчүн кулинардык мастер-класстарды өткөрүп жатат. КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча пилоттук долбооруна кирбей калган, бирок ата-энелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен кенже мектеп окуучулары үчүн ысык тамакты өз алдынча уюштура алган мектептердин 30 ашпозчусу тренингдин катышуучулары болуп калат.


«Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча долбоорго катышып жаткан мектеп ашпозчулары үчүн кулинардык тренингдер ашпозчулардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн, ошондой эле аларды мектеп тамак-ашынын жаңы рецептуралары менен тааныштыруу үчүн дайыма өткөрүлүп жатат, - деп айтты БУУ ДАПтын өкүлү, КРда мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу программасынын жетекчиси Надежда Франк. – Долбоордун убактысынын ичинде кең-кесири технологиялык карталар иштелип чыкты жана эбегейсиз зор тажрыйба топтолду, аларды биз ысык тамакка өтүүгө кызыкдар болгон бардык мектептер менен бөлүшкүбүз келет».


Албетте, эрежелер боюнча, мектеп ашканасына кесипти билген жана тиешелүү билими бар адамды алуу маанилүү жана зарыл. Бирок көпчүлүк айылдык мектептерде минималдуу айлык акы үчүн жөн гана даяр адамдар иштеп жаткандыгы факт. Ошондуктан ар бир мектеп ашпозчусунда эле коомдук тамактануу жагынан диплом же билим боло бербейт.


Бул мастер-класстын максаты «мектеп ашканаларынын ашпозчулары үчүн туура мектеп тамак-ашын жасоо жөнүндө» маалымат берүү болуп саналат.


«Ар бир мастер-класс – бул мектеп ашканаларынын ашпозчулары үчүн өз билимдерин өркүндөтүүгө, технологиялык карталар боюнча тамакты кесипкөй жасоону үйрөнүүгө кайталангыс мүмкүнчүлүк», - деп белгиледи «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору.


Чүй областынын ар түрдүү райондорунан мектеп ашпозчуларын таанымал кулинардык эксперттер Кыргыз Республикасынын Шеф-ашпозчуларынын ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шариповдон, белгилүү Prego ресторанынын өкүлү Фурхат Абдурахмановдон жана “12 каминов” ресторанынын өкүлү Берик Эгинбаевден, ошондой эле № 10 кесиптик лицейинин окутуучуларынан үйрөнүү үчүн борборго чакырышты.


Белгилеп кетүү керек, мектеп ашпозчуларын окутуу россиялык Тармактык тамактануу институтунун колдоосу аркасында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы иштеп чыккан технологиялык карталарды пайдалануу менен өтөт. Пилоттук мектептер үчүн БУУ ДАП жергиликтүү спецификаны жана биздин жарандар кайсы даамдарды жакшы көрөөрүн эске алуу менен мектеп тамак-ашынын 130дан ашык технологиялык картасын иштеп чыккан. Мындан тышкары, шеф-ашпозчулар мектеп тамак-ашына кошууга боло турган жөнөкөй жана пайдалуу тамактардын өз рецепттерин да сунуш кылат.


Окутуунун жүрүшүндө мектеп ашпозчулары мектеп тамак-ашынын мектеп тамактары үчүн азыктардын күч-кубат берүүчү баалуулугу, аларды иштетүү технологиялары, даярдоо ыкмалары, санитардык-гигиеналык нормалар, азыктарды сактоо сыяктуу жана башка теориялык негиздерди үйрөнөт. Мындан тышкары, практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар 25 тамакты – шорполорду, экинчи тамактарды, салаттарды жана отко бышырылуучу тамактарды жасоону үйрөнөт. Мектеп тамак-ашында төө буурчак азыктарын жана ашкабакты пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулат.


Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруунун оң практикаларын, анын ичинде мектеп тамак-ашынын жаңы моделдерин жана мектеп тамагынын жакшыртылган рецептурасын жайылтуу ысык тамагы бар мектептердин санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.


БУУ ДАПтын «КРда мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» программасынын максаты мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн улуттук саясатын жана программасын иштеп чыгууда, мектеп тамак-ашынын туруктуу жана натыйжалуу моделдерин иштеп чыгууда, пилоттук мектептерде (бүгүнкү күнгө карата 261 мектеп толук баалуу ысык тамакка өткөн) тамактануунун жакшыртылган моделдерин киргизүүдө, пилоттук мектептерде инфраструктураны жакшыртууда жана ашканаларды заманбап жабдуу менен жабдууда, сатып алуулар механизмдерин реформалоодо турат.

______________________________________________

Кошумча маалымат үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын басма сөз кызматына төмөнкүдөй телефон боюнча кайрыла аласыздар: 0772 855 710

БУУ ДАПтын Кыргыз Республикасындагы иши жөнүндө кошумча маалымат үчүн төмөнкүдөй телефон боюнча Елизавета Залкиндге кайрыла аласыздар: 0555 940 420, elizabeth.zalkind@wfp.org