ЖМК биз жөнүндө: «Стратегия 2017: көчөттөрдү отургузуу»

April 13, 2016, 06:00

8-апрелде №94 орто мектепте бактарды отургузуу күнү өттү: мектеп окуучулары, алардын ата-энелери, донордук жамааттын жана бизнес-сектордунөкүлдөрү 3000ден ашык көчөттү отургузду.

 

Акцияны уюштуруу демилгесин «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду көтөрүп чыккан жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан колдоого алынган. Ушул өнөктөштүк долбоорунун аркасында №94 орто мектептин аймагында күндүн кубаты менен иштеген, энергия жагынан натыйжалуу жарыктар, таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу үчүн урналар жана аймакта көңүлдүү сейилдөө үчүн отургучтар орнотулду.

 

Көчөттөрдү отургузууга КР экс-Президенти Роза Отунбаева, КРдагыПРООНдунөкүлдөрү, Бишкек шаарынын вице-мэри АйгульРыскулова, дос мамлекеттердин элчилери, Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана башка расмий адамдар катышты.