IV Билим берүү фестивалынын өнөктөрү

April 14, 2016, 06:00


Төртүнчү Билим берүү фестивалы жаркын жана кызыктуу иш-чара болгону турат жана аба ырайы кандай болгонуна карабастан өтөт.


Билим берүү фестивалы жөнүндө кең-кесири төмөнкү сайттан билүүгө болот: http://festival.roza.kg/

 

IVБилим берүү фестивалын уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүп жаткан өнөктөрүбүз менен таанышууга убакыт жетти.

  


Жардам жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн досторубузгажана өнөктөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз!




КР Билим берүү жана илим министрлиги


Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнөжана сапатына, Кыргыз Республикасынын жарандарынын билимге конституциялык укугун камсыз кылууга мамлекеттик контролдук кылат.


Байланышуу: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 257 

+996(312)662442 

http://edu.gov.kg/




КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги


Республикада мамлекеттик маданий саясатты жүзөгө ашыруу, калктын руханий-адептик деңгээлин жогорулатуу, жарандык позицияны бекемдөө, улуттук маданияттардын салттуу формаларын сактоо жана өнүктүрүү.


Байланышуу: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78 

+996 (312) 620482 

+996 (312) 663916 

+996 (312) 623589




КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги аткаруу бийлик системасындагы мамлекеттик орган болуп саналат, берилген ыйгарым укуктардын чектериндекурчап турган чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү, мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу жагынан бирдиктүү саясатты турмушка ашыруубоюнча функцияларды камсыз кылат.


Байланышуу: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 228 

+996 (312) 352727 

+996 (312) 353102 (ф) 

nature_kg@mail.ru




"Централ Азия Фильм" ЖЧК - "Кыргызкиносу" кинотеатры


«Кыргыз Киносу»кинотеатры – юридикалык аталышы «Централ Азия Фильм» ЖЧК – 2011-жылдын 3-октябрында ачылган. 

Кинотеатр ата-мекендик өндүрүштөн гана чыккан фильмдерди кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтөт. 

Кинотеатрда 142 отургуч орундуу 2 зал бар: чоң зал 118 орун жана кичи зал 24 орун. Кинотеатрдын ичи жайлуу, улуттук колоритте жасалгаланган. «КыргызКиносу» кинотеатрын негиздөөчү болуп режиссер ДайырбековАйбекУсонбекович саналат. 

Кинотеатрдын чоң залы заманбап жабдуу менен жабдылган: 4 * 6кесиптик экраны, проектор, HD плеер, сапаттуу үн, ыңгайлуу отургучтар. 

Кинотеатрдын кичи залыСүйгөндөрдүн күнүнө карата 2013-жылдын 14-февралында ачылган. Эки орундуу ыңгайлуу дивандары бар жайлуу зал көрүүчүлөргө абдан жагат. Зал ошондой эле ата-мекендик фильмдерди көрсөтүү үчүн заманбап жабдуу менен жабдылган.


Байланышуу: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 92а 

+996 (312) 47 47 16 

+996 (709) 51 03 99 

+996 (551) 51 03 99 

kyrgyzkinosu@mail.ru 

www.kyrgyzkinosu.kg




«Шоро» компаниясы


«Шоро» ЖАК 1992-жылы түзүлгөн жана алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүжана сатуу жагынан иш жүргүзөт. «Шоро»компаниясынын максаты жергиликтүү ресурстарды жана know-how технологияларын пайдаланып, сергек жашоо ыңгайын пропагандалаган товарларды өндүрүүжана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү аркылуу Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө умтулуу болуп саналат. Азыркы учурда «Шоро» компаниясы КРнын улуттук суусундуктар рыногунда ири компанияларды бири, өндүрүүнүн толук механикалаштырылган технологияларын колдонот.


Байланышуу: Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү 344а 

+996(312)661995 

pr@shoro.kg 

www.shoro.kg 



"Show Time"компаниясы


"Show Time"компаниясы кесипкөй деңгээлде ар түрдүү форматтагы иш-чараларды жана балдардын майрамдарынуюштуруу жагынан кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектрин берет. 

Байланышуу: Бишкек шаары 

+996(555)788138 

+99 (770)799138 

@showtime.kg 

@showtimekidskg 



"Көчмөн" коомдук фонду


“Көчмөн Nomad” коомдук фонду жаш активисттер арасында өздөрүн жакшы жагынан көрсөтүүгө үлгүргөн жигердүү балдардан турат. Фонддун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат: көчмөн элдердин маданий мурасын кайрадан калыбына келтирүү, сактоо жана өнүктүрүү, курчап турган чөйрөгө аяр мамилени пропагандалоо, жергиликтүү экологиялык жактан таза продукцияны өндүрүүчүлөрдү колдоо.


Фонддун мүчөлөрүнүн өздөрү мындай деп айтышат: уюм расмий катталганга чейин салттуу бийлерди ийгиликтүү даңазалап келген, анын айкын өзөктүү окуясы болуп борбор шаардын борбордук аянтында үч миң адамдын катышуусу менен өткөн флешмоб саналат, ал жерде «Кара Жорго» бийи көрсөтүлдү. Ошондой эле «Супара»этно комплексинде бийлик өкүлдөрүн, өлкөнүн белгилүү адамдарын тартуу менен этно-дискотека уюштурулду. Экология көйгөйү фонддун ишинин аспекттеринин бири болуп эсептелет, бул багытта активисттер бүткүл өлкө боюнча Facebookжана Odnoklassnikiсоциалдык тармактарын жигердүү пайдалануучуларды тартуу менен таштандыларды чогултуу боюнча «Биз Кыргызстантаза болушун каалайбыз» деген экологиялык акцияларды өткөрдү.


2016-жылды фонддун активисттери жаңы, алда канча глобалдуу долбоорлор менен баштады. “Көчмөн-Nomad” ушул жылдын сентябрында өтө турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын өткөрүүдө жакын өнөк болуп калды.


Байланышуу:Бишкек шаары, Шабдан баатыр көчөсү, 4Б, 3-кабат, №2кабинет 

+996 703 97 25 87 

+996 778 19 83 08 

+996 553 97 25 87 

kochmonnomad@gmail.com