2016-жылдын 6-апрелинде табигый-техникалык сабактардын (STEM) жазгы мектебинин ачылышы болду

April 8, 2016, 06:00

Кыргыз-Герман Техникалык Институтунда (КГТИ) жаңы конуштардагы мектептердин жогорку класстагы окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактар боюнча мектеп ачылды.

 

Мектеп «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун алкагында КГТИ тарабынан «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен бирдикте уюштурулду.

 

Бир аптанын ичинде мектептин 15 катышуучусу математика, физика, химия, информатика сабактары боюнча окутуудан өтөт, ошондой эле И.Раззаков атындагы КМТУнун жетектөөчү окутуучуларынан техникалык багыттагы мансапты пландаштыруу боюнча консультация алат.

 

Мектептин ачылышынын учурунда илимий иш боюнча проректорМирланЧыныбаев, АнипаУсупкожоева, КГТИниндиректору, ошондой эле КГТИнин кафедра башчылары ак жол каалоо менен сөз сүйлөдү.

 

Эске сала кетсек, кышкы топтоо учурунда мектептерге катышууну каалагандардын саны көп болгондугуна байланыштуу кыздар үчүн жазгы мектепти уюштуруу чечими кабыл алынган.

 

STEM жагынан билим – бул билимдүү аял – билимдүү балдар – билимдүү өлкө.