Жаңы конуштун мектебинин аймагына 3000 көчөт отургузулду

April 10, 2016, 06:00

8-апрелде №94 орто мектепте бактарды отургузуу күнү өттү. Бул акциянын максаты – эс алуучу жайлуу сейил багын жана жашыл инфраструктураны камсыз кылуу үчүн «Дордой-1» жаңы конушунун аймагында турган №94 мектептин тегерек-четин өзгөртүү, курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга кеңири коомчулукту тартуу жана бак-дарактар менен өсүмдүктөрдүтуура отургузуу маданиятын каныктыруу. Ошондой эле жаңы конуштардагы мектептердин аймактарын өзгөртүү боюнча демилгелерге донордук жана бизнес жамааттардын көңүлүн буруу.

 

Бул демилгени «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду көтөрүп чыккан жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан колдоого алынган.

 

№94 орто мектептин аймагында күндүн кубаты менен иштеген, энергия жагынан натыйжалуу жарыктар, урналар, таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу үчүн бак жана аймакта көңүлдүү сейилдөө үчүн отургучтар орнотулган. Иш-чаранын учурунда мектеп окуучулары жана донордук жамааттын жана бизнес-сектордун өкүлдөрү менен бирдикте бактарды сабаттуу отургузуу жүргүзүлдү.

 

Көчөттөрдү отургузууга КР экс-Президенти Роза Отунбаева, КРдагыПРООНдун туруктуу өкүлүнүн орун басары АленаНикулита, Бишкек шаарынын вице-мэри Рыскулова Айгуль, чет мамлекеттердин элчилери жана башка расмий адамдар, ошондой эле №94 мектептин окуучулары, ата-энелери жана донордук жамааттын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле бул акциянын алкагында«Бай-Тушум» банкынын башкы менеджериГульнараШамшиева2 принтер жана 5 компьютер тартуулады.

 

3000ден ашык көчөттү отургузуу жана жабдууларды орнотуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын өнөктөштүк долбоорунун жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын аркасында ишке ашырылды.

 

Эске сала кетсек, долбоордук кубаттуулугу 960 орун болгон жаңы №94 мектеп 2015-жылдын октябрында ачылган. Бирок азыркы учурда мектепте 1616 окуучу окуйт. Мектеп парталарга жана башка зарыл шаймандарга муктаж.

 

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Бишкектин айланасында 48 жаңы конуш бар, алардын калкы, ар кандай булактар боюнча, 250 миңден 600 миңге чейинки адамды түзөт. Жаңы конуштардын көпчүлүгүндө таза суу, электр, газ, жолдор, билим алууга жана саламаттык сактоого жеткиликтүүлүк сыяктуу жашоо үчүн эң жөнөкөй шарттар жок. Бардыгы болуп жаңы конуштарда 19 мектеп курулган жана мектеп курагындагы балдардын үчтөн бири гана мектепке барат. Балдар жана чоң кишилер эс алуусу үчүн сейил бак зоналары жана аймактары таптакыр жок. Көп учурда ушундай коомдук аймактар болуп жаңы курулган мектептердин аймактары саналат. Жаңы конуштардын аймактарын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу жагынан курч зарылчылык келип чыгууда, аларда бак-дарактар иш жүзүндө жок, жолдорго таш төгүлбөгөндүктөн улам жолдор чаңдап турат.

 

Бул демилге экологиялык көйгөйлөргө жана жаңы конуштардын комплекстүү маселелерине донордук жамааттын, бизнес сектордун, ошондой эле кеңири коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырылганын баса белгилеп кетүү маанилүү.

 

 

Байланышуу маалыматы: 660382, Диана Цой