Экс-президент Р. Отунбаеванын АКШга жасаган визити

April 21, 2013, 06:00

Бул жылдын 12-19-апрелинде Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р. Отунбаеванын Клинтон Фондунун көзөмөлчүлөрүнүн жыл сайын өтүүчү жолушусууна катышуу максатында Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларына визити болуп өттү. Билл, Хиллари жана Челси Клинтон Фондунун көзөмөлчүлөрүнүн жыл сайын өтүүчү жолугушуусунун негизги максаты болуп экономика чөйрөсүндөгү катаал проблемалар боюнча фонддун азыркы учурдагы ишинин жана демилгелеринин обзору болду. Бул иш чаранын чегинде Р. Отунбаева экс-президент Билл Клинтон жана Хиллари Клинтон менен Кыргызстандагы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү өзгөчө кургак учук жана ВИЧ/СПИД менен күрөшүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Жагдайды жана керектөөлөрдү баалоо үчүн Кыргызстанга эксперттердин келиши жөнүндөгү макулдашууга жетишишти. 

12-апрелде Нью-Йорк шаарында Р. Отунбаеванын Европа жана КМШ боюнча ПРООНдун аймактык бюросунун директору айым Джихан Султаноглу менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Тараптар Кыргызстанда ВИЧ/СПИД жана кургак учук менен күрөшүү, мектепке чейинки билим берүү, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү жана киргизүү программаларын кеңейтүү маселелерин талкуулашты. 

16-18-апрелде Р. Отунбаева Вашингтон шаарында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун волонтерлору жана достору, ошондой эле кенже балдар үчүн билим берүү боюнча АКШнын Улуттук Ассоциациясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы АКШнын мурунку элчиси – АКШ Конгрессинин алдындагы “Ачык дүйнө” китепканасынын программасынын жетекчиси Джон Окиф, ЮСАИДдин Администраторунун жардамчысы Нишон Бисвал, Бүткүл дүйнөлүк Банктын билим берүү маселелери боюнча эксперти Джийонг Хоу, ACDI/VOICA и Development Alternatives Inc. коммерциялык эмес жеке уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Талкуунун башкы темасы болуп “Роза Отунбаеванын демилгеси” уюму менен жогоруда аталган уюмдардын балдардын жана энелердин өлүмү, аялдардын укуктарын жылдыруу, жакырчылык менен күрөшүү, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүү ж.б. көйгөйлөр боюнча кызматташуусун өнүктүрүү маселелери болду. 

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Вашингтон шаарында Джорджтаун университетинде болуп өткөн “Социалдык бизнес жана микрокредиттөө” темасындагы Нобел сыйлыгынын лауреаты Мухаммада Юнустун чыгып сүйлөөсүнө жана аны куттуктоого арналган иш чарага, ошондой эле аялдардын потенциалдын күчөтүү жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган АКШ Өкмөтү менен Бүткүл дүйнөлүк Банктын “Тең келечек үчүн өнөктөштүк” биргелешкен иш чарасына катышты. 

Кыргыз Республикасынын экс-президентинин Нью-Йорк шаарына визити “Ачык коом” Фондунун Директорлор Кеңешинин негиздөөчүсү жана төрагасы Джордж Сорос менен болуп өткөн жумушчу жолугушуу менен аяктады. Жолугушуунун жыйынтыгында фонддордун ортосундагы кызматташууну жана Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү, заманбап технологияларды жана билим берүү менен кадрларды даярдоо тармагындагы мыкты тажрыйбалдарды киргизүү, өзгөчө мектеп жашына чейинки балдарды окутуу, этнос аралык макулдашууну чыңдоо жана жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорлорун жылдыруу маселелери боюнча конкреттүү макулдашууга жетишишти. Кайрымдуулук фондунун директору Синергос Роберт Данн менен болуп өткөн жолугушуунун жүрүшүндө бул жылдын жайында Кыргызстанга АКШдан филанторптор тобунун келип кетүүсү тууралуу маселелер талкууланды.