IV Билим берүү фестивалын уюштуруучулар

April 12, 2016, 06:00

2016-жылдагы Билим берүү фестивалы (БФ-2016) – бул экологияга, экологиялык тарбиялоого жана билим берүүгө, анын ичинде курчап турган чөйрөгө аяр мамиленин зарылчылыгы, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык маданиятты/аң-сезимди жогорулатуу, таза жана жагымдуу жашоо чөйрөсүн пропагандалоо жөнүндө балдардын жана жаштардын, ошондой эле кеңири калайыктын маалымдар болушун арттыруу үчүн салттуу экологиялык билимдерди пайдаланууга жана алга илгерилетүүгө арналган өткөн жылдагы Фестивалдын уландысы. 

БФ-2016 адамдын ден соолугуна курчап турган чөйрөнүн таасиринин маселелерине арналган. 

 

Силерге IV Билим берүү фестивалын уюштуруучуларды тааныштырабыз:

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өз ишин Кыргыз Республикасында социалдык, саясий, экономикалык өнүктүрүүгө, ошондой эле курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга салым кошууга кудуреттүү болгон программаларды жана долбоорлорду демилгелөө жана жүргүзүү максатында 2012-жылдын январында баштаган.

Фонд демилгелерди төмөнкүдөй негизги төрт багыт боюнча жүргүзөт:

1) Келечек Муунга инвестициялоо

2) Демократиялык Башкаруу

3) Туруктуу Социалдык Өсүш

4) Ар түрдүүлүк жана Маданият дүйнөлүк дөөлөттөргө жеткиликтүүлүк катары.

 

Байланышуу: Бишкек шаары, Чүйпр., 106

+996(312)660382

www.roza.kg

office@roza.kg

 

 

Бишкек шаарынын мэриясы

 

Мэриянын негизги иши – Кыргызстандын экономикасында, социалдык чөйрөсүндө шаардыктарга коопсуз жашоо шарттарын камсыз кылуу.

 

Байланышуу:

Бишкек шаары, Чүй пр., 166

+996(312)611166

+996(312)625818

www.meria.kg

 

 

И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

 

И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнүн лидери жана Борбордук Азияда алда канча динамикалуу өнүгүп келаткан ЖОЖ болуп саналат.

 

КММАда 526 окутуучу, анын ичинде 86 профессор жана медицина илимдеринин доктору, 315 медицина илимдеринин кандидаты жана доцент иштейт.

 

Академияда Кыргызстандын, КМШ өлкөлөрүнүн жараны болуп саналган 4000ден ашык студент жана чет мамлекеттердин 17 жараны окуйт.

 

КММАнын негизги милдеттери: Окуу процессинин, илимий изилдөөлөрдүн жана клиникалык иштин үзгүлтүксүз биримдигинин негизинде орто кесиптик, жогорку, кошумча жана ЖОЖдон кийинки кесиптик медициналык билим алуу аркылуу интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык жактан өнүгүүгө инсандын муктаждыктарын канааттандыруу, медицина жана окшош илимдер жагынан фундаменталдык жана колдонмо илим изилдөөлөрдү жүргүзүү.

 

Академия жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн врачтарды даярдайт. Окутуу орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Байланышуу:

Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 92, 720020

+996(312) 545881

+996(312) 545859

akhunbaevksma@yandex.com

www.kgma.kg